Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53

Климаттын өзгөрүшү жана туризм: Бүгүн эрте десек, эртең кечпи?


"Туризм жана климаттын өзгөрүшү" тармактын эл аралык жыйындарында быйыл талкууланган негизги темалардын бири болду

"Туризм жана климаттын өзгөрүшү" тармактын эл аралык жыйындарында быйыл талкууланган негизги темалардын бири болду

Климаттын өзгөрүшү дүйнөнүн эң орчун, анткен менен ага каршы көрүлүүчү чаралар биротоло макулдашыла албай жаткан көйгөйү.

Адистер туризмди глобалдык жылуулуктун кесепеттерин азыр эле сезе баштаган тармак катары эсептешет.

Тоодо кышкы эс алууну уюштурууга адистешкен курорттор глобалдык жылуулуктун айынан карсыз жана музсуз калышы мүмкүн. Климаттын өзгөрүшү сөссүз түрдө алдыдагы жылдары туристтик багыттарды алмаштырат. Булар климаттын өзгөрүшүнүн туризмге тийгизүүчү кыйыр жана түз таасирлери боюнча соңку жылдары эксперттер тарабынан айтылып келе жаткан жоромолдордун айрымдары эле. Анткени климат туризмдин - негизги ресурсу. Ансыз дүйнөлүк экономиканын акыркы жылдары өсүү үстүндө келе жаткан бул чөйрөсү иштөөсү мүмкүн эмес.

БУУнун туризм уюму Туризмдин дүйнөлүк күнүнүн быйылкы темасын "Туризм – климаттын өзгөрүү чакырыктарына жооп" деп атаган эле. Климаттын өзгөрүүсү жана туризм ушул тармакты жазган журналисттердин эл аралык федерациясы – FIJET уюмунун жакында Словенияда өткөн жылдык конгрессинин да башкы темасы болду. Ага ушул саптардын автору да катышып, аталган тармакта Европада жүрүп жаткан айрым жараяндар менен тааныша алдык.

Туризм тармагын өнүктүрүүгө аракеттенип жаткан Кыргызстан да аларга азыртан тарта көңүл бура баштоосу керек. Болбосо биздин маектештердин бири белгилегендей, бүгүн эрте, эртең кеч болуп калышы мүмкүн.

Климаттагы өзгөрүүлөрдөн улам азыр дүйнөдө "туруктуу туризм" деген түшүнүк кирип жатат. Анткени туризмди анын негизги ресурсу болгон климат өзгөрүп жаткан шартта туруктуу кармаш үчүн алдыда көп нерсе жасалуусу керек. Дүйнөлүк Туризм уюмунун медиа өкүлү Марсело Риси (Marcelo Risi) мунун зарылдыгын төмөнкү цифралар эле түшүндүрүп турганын белгилейт:

-Эгер элүүнчү жылдарга кайрылсак, сырттан келген туристтердин саны ( тигил же бул өлкөгө) жылына 25 миллионду түзгөн. Былтыр бул көрсөткүч дээрлик 900 миллионго чаап барды. Дүйнөлүк туризм уюмунун болжолунда, 2020-жылга карата саякаттагандардын саны 1 миллиард 600 миллионго жетет. Бул бүгүн эле күн сайын дүйнө боюнча 5-10 миллиондун тегерегиндеги адам иш же эс алуу үчүн саякаттап жатат дегенди билдирет. Бул эл аралык деңгээлде гана, ички туризмди камтыбайт. Демек биз бир жагынан айлана- чөйрөгө зыян келтирүүдөбүз, экинчи жагынан андан жабыр да тартуудабыз. Бул климаттын өзгөрүү чакырыктарына карата биздин жоопкерчилигибизди түшүндүрүп турат.

Туризм тармагы автоунаалар менен автобустардын, учактар менен поезддердин ары бери каттосуна, кондиционерлер менен муздаткычтардын ишине көз каранды. Булардын баары өз кезегинде абага, адистердин тили менен айтканда парник же булганыч газдардын бөлүнүшүнүн бир булагы катары эсептелет.

Туризмдин үлүшүнө булганыч газдардын кеминде 5% туура келет

Былтыр туризм жана климаттын өзгөрүшү боюнча Швейцариянын Давос кааласында өткөн экинчи эл аралык конференциянын тыянагында айтылгандай, туризм индустриясынын үлүшүнө бүткүл дүйнө боюнча абага бөлүнгөн көмүр кычкыл газынын 5%ы туура келет экен. Мунун ичинен 75%ы транспорттун, өзгөчө аба транспортунун үлүшү.

"Биз билгенден авиация булганыч газдардын абага бөлүнүшүнө эң көп салым кошкондордон. Бирок авиация эл аралык туризм үчүн да чечүүчү мааниге ээ. Эл аралык туризм болсо өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн олутуу. Андыкттан, каттамдарды жөн эле кыскартуу менен биз балким абага булганыч газдардын бөлүнүшүн азайтабыз. Бирок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр алдындагы жоопкерчилик эмне болот? Демек, мына ушунун айланасындагы жол табылуусу керек",- дейт Дүйнөлүк туризм уюмунун медиа өкүлү Марсело Риси.

Туризм жана климаттын өзгөрүшү боюнча былтыр октябрда өткөргөн экинчи конференциянын соңунан Давос декларациясы деп аталган документ кабыл алынган. Анда туризм индустриясы климаттын өзгөрүшүнө каршы кандай чараларды көрүш керектигинин негизги принциптери аныкталган. Бирок алдыда маселенин эң кыйыны - ошол айтылгандарды ишке ашыруу жараянын баштоо милдети турат.

Маселен булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу, азырынча эл аралык деңгээлде биротоло макулдашылып, милдеттендирген чечим кабыл алына элек маселе.

Бул жаатта буга чейин жактырылган эл аралык документ - Киото протоколунун мөөнөтү 2012-жылы аяктайт.

Быйыл Жапонияда өткөн саммитте Чоң сегиздин тобуна кирген өлкөлөр 2050-жылга карата булганыч газдардын бөлүнүшүн азыркыдан 50%га кыскартуу зарылдыгы боюнча бир пикирге келгени гана жарыяланган. Бирок жаратылышты коргоочулар жогорудагы мөөнөттү кеч жана өлчөмдү аз деп эсептешет. Дүйнө өлкөлөрү жаңы макулдашууга келерки жылы Коппенгагенде өтүүчү саммитте жетишеби деген үмүт бар. Бирок ошол эле учурда быйыл дүйнөнү каптаган глобалдык каржылык кризис климаттын өзгөрүшү боюнча келишимди макулдашууну кыйла кыйындатат деген кооптонуулар да жок эмес.

БУУнун америкалык мурдагы вице-президент Альберт Гор жетектеген, былтыр Нобель тынчтык сыйлыгына арзыган өкмөттөр аралык эксперттик тобунун мүчөсү, словениялык профессор, климатолог Лучка Кайфеш Богатай (Lucka Kaifez Bogataj) климаттын өзгөрүшүнөн али деле шек санап жаткандар жок эмес экендигин айтат:

-Илимпоздор климаттын өзгөрүшүн изилдөөлөрүнө арбын акча алыш үчүн эле көбүртүп –жабыртып жиберди деп алигиче ойлоп жаткандарга айтар элем, климаттын өзгөрүүсү кайдан келген чогуу карап көрөлү. Эгер 200 жыл мурдагы кырдаал менен салыштырып көрсөк, азыр дүйнөдө адамдардын саны 6 же 6,7 эсеге көп экени айныксыз. Биз азыр байбыз. Ааламдагы ар бир адам Улуттук дүң өндүрүштү караганда, андагыдан (200 жыл мурдагыдан) 17 эсеге байыраак. Бай болуш үчүн энергия керек. Бул дүйнөнүн ар бир жараны бүгүн 200 жыл илгеркиге караганда, беш эсе көп энергияга муктаж. Биз кыйла мобилдүү болуп калдык. Чоң - чоң аталарыбыз күнүнө 40 эле метр жүрүшсө, биздин ар бирибиз күнүнө 40 чакырымга саякаттоодобуз.

"Дүйнөнүн ар бир жараны бүгүн 200 жыл илгеркиге караганда, беш эсе көп энергияга муктаж"



Словениялык профессор Лучка Кайфеш Богатай кошумчалагандай, климаттын өзгөрүшүнөн туризмге кыйыр да, түз да кесепеттер бар жана алар азыр эле байкалууда. Маселен, азыр туризмдин очогу катары эсептелген Жер ортолук деңизинин боюу, климатологдордун болжолунда болочокто климаттын өзгөрүшүнөн эң көп жабыр тартуучу чөлкөм катары эсептелинет:

-Эң талылуу жерлердин бири –Жер ортолук деңизинин боюу. Жайкы температуранын дагы төрт градуска жылуусу жана азыркы жаан-чачын көлөмүнүн жарымы менен Жер ортолук деңиздин боюу туризм үчүн кызыга турган жер эмес. Ишенип койгула мага. Биз ушуну каалайбызбы жокпу? Көйгөйлөр Испанияда, Грецияда бүгүн эле бар. Суу каптаган жерлер көбөйүүдө. Бул дүйнөдө баары байланышта болгондуктан, климаттын өзгөрүшүнүн кыйыр, социалдык таасирлери да туризмде чыгышы мүмкүн. Маселен Хельсинки мен жактырган кооз шаар. Бирок түндүктөгү Хельсинкинин климаты келерки он жылдыктарга Загребдикине окшоп калуусу мүмкүн. Стамбулдун климаты Түштүк Испаниянын климатына окшошуп калат. Мадриддин калкы өзүн кандай сезип жатканын билбейм, анын болочоктогу климаты чөлдүкүндөй сыяктанат.

Профессор Лучка Кайфеш Богатай кошумчалагандай, климаттын өзгөрүшү боюнча азыркы эл аралык талкууларда негизги көңүл абанын жылышын алдын алуу үчүн келечекте энергиянын кайсыл түрүн, кандай технологияны көбүрөөк колдонуу керек деген маселеге такалууда. Бул үчүн өлкөлөрдүн Улуттук дүң өндүрүшүн азайтуу керек деген суроону кароону эч ким каалабайт. Словениялык дагы бир окумуштуу, Любляна университетиндеги Туризм институтунун экономика боюнча профессору Таня Михалич (Tanja Mihalic) айымдын айтымында, алдыда мындай түшүнүк өзгөрөбү деген үмүт бар:

-Тилекке каршы биздин дүйнөлүк система, базар экономикасына негизделген система жана экономикалык чыгымдар гана эсептелинет. Экологиялык чыгымдар, эрип жаткан муздар бул экономикалык эсептөөнүн ичине кирбейт. Муну биз өзгөртүүбүз зарыл жана өзгөртүүчү нерсе. Биз азыр ушул жолдобуз.

Дүйнөлүк Туризм уюму Европада энергия эффективдүүлүгү боюнча жаңы долбоорду баштады

Адистердин айтымында, эгер өндүрүш азайтылбаган шартта булганыч газдарды кыскартуу жаңы технологияны табуу дегендик. Туризм индустриясында ал жаңы технологиялар мисалы мейманка бизнесинде ириде энергияны сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн киргизилүүсү керек.

Алсак эсептөөлөр боюнча мейманкана бөлмөлөрүнүн дүйнөлүк санын алганда, дээрлик жарымы же болжол менен 5 миллион 450 миңдейи Европада жайгашкан. Алардын 90%дайы орто жана чакан бизнеске таандык.

Дүйнөлүк Туризм уюмунун билдиргенине караганда, ал азыр Еврошаркеттин "Атаандаштык жана жаңылык" үчүн агенттиги менен бирдикте туризм индустриясы үчүн энергия эффективдүүлгү боюнча ири долбоорду баштады. Долбоордун расмий бет ачары 12- ноябрда, Лондондогу дүйнөлүк туристтик жармаңке учурунда өткөрүлдү. Наркы 1 миллиард евродон ашкан пилоттук долбоор шаркеттин 27 өлкөсүндө, төрт багытта: деңиз жээгинде, шаарда, тоодо, айылда жайгашкан 100дөн ашуун мейманканада ишке ашырылмакчы. Долбоордун максаты, Дүйнөлүк туризм уюмунун ырастоосунда, энергиянын кеминде 20%га үнөмдөлүшүнө жана калыбына келип туруучу энергия өндүрүүнүн кеминде 10%га көбөйүшүнө жетишүү. Долбоордун жыйынтыктары келечекте Европадан башка аймактарга да таратылмакчы.

Айтор туризм индустриясында климаттагы өзгөрүүлөргө каршы көрүлүп жаткан чаралар азырынча океандагы тамчыдай эле экенин адистер моюнга алышат.

Жашыл туризм – жаңы саясат

Словения жашыл туризм саясатын жайылтууга аракеттенген өлкөлөрдүн бири

Биз тажрыйбасы менен таанышкан Словенияны Дүйнөлүк экономикалык форум аттуу эл аралык уюм(World Economic Forum) дүйнө өлкөлөрүнүн туризмдеги аттаандаштык жөндөмү боюнча быйылкы отчетунда 130 өлкөдөн 36-орунду ыйгарган. Бирок айлана -чөйрөсүнүн туруктуулук көрсөткүчү жагынан 17-орунда турат. Эки миллиондой калкы бар жана жылына өз калкынан көбүрөөк санда турист кабыл алган бул чакан өлкөдө азыр "жашыл туризм" деген түшүнүк жайылууда. Туризмде климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен долбоорлор ишке ашырылып жатат жана айыл жерлеринде уюшулган 200дөн ашуун туристтик фермалар элге экологияга зыян келтирбестен кызмат көрсөтүүнүн бир үлгүсү катары эсептелинет экен. Любляна университетиндеги Туризм институтунун профессору Таня Михалич (Tanja Mihalic) айым мындайт дейт:

-Биз климаттын өзгөрүүсү жана туризм боюнча биринчи парламенттик угууну өткөрдүк. Кимдир бирөөлөр биз бул аркылуу эмнеге жетиштик деп суроосу мүмкүн? Словения туризм жана климаттын өзгөрүүсү боюнча талкууларды баштады. Бирок талкуу эле жетишсиз. Биз оюбузду, аң-сезимибизди өзгөртүшүбүз керек. Туризмдин туруктуу өнүгүүсү деп аталган жаңы парадигмага киришишибиз абзел.

Швейцариядан Кыргызстанга сабак : "Сүттүн ордуна уйду сатып жибербегиле"

Ал эми Словенияга коңшу, Кыргызстан сыяктуу тоолуу Швейцарияны Дүйнөлүк экономикалык форум уюму туризмдеги атаандаштык жөндөмү жагынан 130 мамлекеттин арасынан эң биринчи орунга, ал эми айлана –чөйрөдөгү туруктуулук көрсөткүчү боюнча экинчи орунга чыгарган. Ушул өлкөнүн түштүк –чыгышында, деңиз деңгээлинен 850 метр бийиктикте жайгашкан, 5000 тургундуу, бирок жылына 250-300 миң турист кабыл алган, кышкы туризмге адистешкен Санкт-Моритца (St. Moritz) шаарчасынын Туризм кеңешин 30 жылдай убакыт жетектеген доктор Ханспетер Данусер (Hanspeter Danuser) мырза менен мен Словенияда FIJET уюмунун конференциясында кездештим. Данусер мырзанын айтымында, тоодо жайгашкан Санкт-Моритца шаарчасы климаттын өзгөрүшүн эсепке алган долбоорду мындан он жыл мурда эле ишке ашыра баштаган. Ал биз менен болгон маегинде белгилегендей, туризмди өнүктүрүп келе жаткан Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр Европанын буга чейин кетирген катачылыктарын эске алганы дурус болот:

-Албетте Кыргызстан Батыш дүйнөсүнөн алыста, өзүнүн көп артыкчылыктары бар. Кыргызстан биз Европада же Швейцарияда кетирген катачылыктарга азырынча жол бере элек болсо керек. Сизге бир мисал келтирейин. Швейцариянын туристтик аймактарынын көбүндө беш үйдүн же батирдин үчөөсү - экинчи турак жай. Алар үч-төрт аптаны эске албаганда, жылдын калган бөлүгүндө дээрлик бош турат. Бул -чынында биз жол берген эң чоң ката. Биз сүттүн ордуна уйду сатып жибердик. Андыктан силер туризм жайларында курулуш эржесин каталыраак кармашыңар керек. Курулуш кыртышка жана сууга зыян келтирбегидей болушу абзел. Эгер Кыргызстан туризм өлкөлөрүнүн ишин карап көрсө, оголе көп катачылыктарды табат. Ошол катачылыктарга жол бербөөсү, айлана-чөйрөнү, табиятты мүмкүн болушунча таза кармаганы оң. Келечек ушул жакта жатат.

Дүйнөлүк туризм уюмунун ноябрь айындагы соңку божомолуна караганда, тармак быйылкы жылды 2%дык өсүш менен гана аяктары күтүлүүдө. 2004-2007-жылдарын аралыгында, дүйнөлүк туризмдеги өсүш 7%га чейин чыккан болчу. Ал эми жыл ортосунан бери эл аралык туристтик каттамдарда төмөндөө орун ала баштады. Дүйнөлүк туризм уюмунун айтымында, бул көрүнүш ириде глобалдык экономикадагы азыр кризиске, белгисиздиктерге байланыштуу.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG