Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Аксы району 80 жылдыгын белгиледи


Салтанатка борбордон биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев баш болгон делегация катышты. Азаттыктын Жалал-Абаттагы кабарчысы Ырысбай Адраимовдун билдиришинче, райондун 80 жылдык мааракесине арналып Кербенде салтанаттуу жүрүш, оюн зоок, спорттук мелдештер өттү. Ошондой эле маарекеге 80 жаңы курулуш бүтүрүлгөнү маалымдалды. Алардын ичинен Кербен – Кош-Дөбө, Кербен – Ала-Бука автожолу асфальтталганы да айтылды. Аксы райондук акимчилигинен 15-ноябрда «Азаттыкка» билдиргендей, 80 жылдыкка арналып акын Абдумомун Калбаевдин «Тарыхта калган Аксыда нарктуу кишилер бар» китебинин бет ачары болду.

XS
SM
MD
LG