Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Бишкек электр энергиясын пайдалануу боюнча коюлган чектен ашып кетти


Бул тууралуу “Түндүкэлектро” ачык акционердик коомунун маалымат кызматы билдирет. Ага ылайык Бишкектин бардык райондору 15 күндүн ичинде электр энергиясын пайдалануу боюнча коюлган чектен ашып кетишкен. Өзгөчө Октябрь району электр энергиясын абдан көп пайдаланган. Ошол себептүү 15-16-ноябрь күндөрдөн тарта Бишкек шаарында даректик түрдөгү жарыкты өчүрүүлөр башталмакчы. Айта кетсек, буга чейин электр энергиясын үнөмдөө максатында өлкө боюнча электр энергиясын жалпы өчүрүү болуп келсе, 1-ноябрдан тарта жарык өчүрүлбөсү айтылган. Анын ордуна атайын коюлган чектен ашып кеткен гана аймактарда гана жарык өчүрүлөрү эскертилген. Айрым саясатчылар муну бийликтин айла кеткендеги иши катары эсептешип, кыш айларында энергетикалык кризис болушу мүмкүн экендигин айтышат. (IJz)

XS
SM
MD
LG