Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

Бүгүн Ишенбай Кадырбековдун иши боюнча сот жараяны болот


И.Кадырбековдун жактоочуларынын бири Ишен Айтмаматовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бул ишти бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотун карамакчы. Акыйкатчы Турсунбек Акун жарым жылдан ашуун тергөө абагында кармалып отурган Кадырбековду камоо боюнча соттун чечиминин мөөнөтү 26-октябрда аяктагандыктан, ал №1 убактылуу кармоочу жайда мыйзамсыз кармалып жатат деп билдирген. Мамлекеттик курулуш жана архитектура боюнча агенттиктин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбеков кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталып, Финансы полициясы тарабынан май айында камакка алынган. (MSu)

XS
SM
MD
LG