Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:09

Президент Бакиев дарылануудан 19-ноябрда Бишкекке кайтат


Бул тууралуу бүгүн президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов жумушчу жыйында маалымдады. Садыркуловдун айтымында, президент бул тууралуу телефон аркылуу билдирип, саламаттыгы жакшы, күжүрмөн иштөөгө шайма-шай экенин билдирген. Ошондой эле президент эмгек өргүүсүнө кетер алдында бир катар жетекчилерге берилген тапшырмалардын аткарылышына канагаттанбагандыгын билдирген. Президент Курманбек Бакиев ден соолугун Германиядагы ооруканалардын биринде чыңдап келүү үчүн 20-октябрдан баштап эмгек өргүүсүнө кеткен. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG