Премьердин маалымат катчысы Айбек Султаналиевдин айтымында, өкмөт башчы бир аз убакыт мурда Сары-Таш айыл өкмөтүнө барып, жер титирөөдө жабыркаган нуралыктардын жашоо-шарты, ахыбалы менен таанышып жатат. Чудинов кечээ Ош облусуна эки күндүк иш сапары менен кеткен. Жагдайды жеринде көргөндөн кийин премьер-министр жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюунун мындан аркы чараларын тиешелүү тармак жетекчилери менен чогуу талкуулайт. 5-октябрдагы зилзалада Нура айылы толугу менен кыйрап, анда 75 киши мерт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үй-жайсыз калгандарга убактылуу жыгач үйлөрдү орнотуп берип жатканын буга чейин маалымдаган болчу. (BuS)