Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:04

Райондук милиция башчысы коомдук фонд лидери менен соттошууда


Бүгүн райондор аралык сот Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Медетбек Маметовдун арызын кароого киришти. Маметов сотко “жалган жалаа жапты” деген негиз менен Кылмыш Кодексинин 127, 128-беренелерине ылайык “Сергий Радонежский жана Айкөл Манас” фондунун президенти Игорь Трофимовду сотко берген. Буга фонддун “Зергер” базарында тараткан баракчасы негиз болгон. Баракча тартип коргоо кызматтарынан жабыркагандарды фондго кайрылууга чакырган, жарандардын укуктарына доо кетирген тартип коргоо кызмат жетекчилеринин бири катары Маметовдун ысымы келтирилген. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG