Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

Москва: кыргыз мигранттардын маянасы төлөтүлдү


Москвадагы “Энка” курулуш компаниясында иштеген жыйырма кыргызстандык атуул маянасын толук алалбай жаткандыктан Орусиядагы Кыргызстандын Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу комитетинин өкүлчүлүгүнө кайрылган. Жатаканадан чыгарып салганын айтып даттанышкан. Аталган комитеттин өкүлдөрү чыр чыккан жерде болуп, мигранттарга айлыгын толук төлөп берүү жана бул маселе чечилип бүткүчөктү жатаканадан чыгарбай кое туруу боюнча макулдашышты. Миграция комитети билдиргендей “Энка” компаниясында он бир миндей чет өлкөлүк жаран иштейт. Алардын төрт жүздөйү кыргызстандыктар. Аталган компания Москвада үч ири имаратты куруп бүткөндүгүнө байланыштуу жакында дагы иштен кыскартуулар болот. Анын ичинде кыргыз жарандары да бар. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG