Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Ооганстан: Окуучу кыздарга кол салуулар күчөөдө


Акыркы айларда Ооганстанда окуучуларга, өзгөчө окуучу кыздарга кол салуулар көбөйгөндүктөн, өспүрүмдөрдүн ата-энелери аларды мектепке жиберүүдөн кооптонууда. Ушундан улам билим берүү органдары ата-энелерди кыздарды мектепке жиберүүгө көндүрүү улам кыйын болуп баратканын айтышат.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар вилайетинде белгисиз адамдар кыздардын бетине кислота (уулуу кычкыл суюктук) бүркүп жиберип, натыйжада үч кыз олуттуу күйүк алды. Жабыр тарткандардын бирөө эми сокур болуп калышы ыктымал.

Уулуу суюктук менен кол салуудан кийин Кандагардагы Назо Ана атындагы кыздар мектебинде окуу токтотулуп, окуучулар жана мугалимдер сыртка чыгуудан кооптонушууда.

Мектеп деректири Махмуд Кадеринин айтымында, мектепте жалпысынан 1 300 окуучу кыз болсо, алардын 35и гана ишемби күнү (15-ноябрда) сабакка келген. “Адатта окууга бардыгы тең эле келишчү” дейт Кадери.

Бери дегенде 15 окуучу жабыр тарткан соң, кыздарынын коопсуздугу үчүн тынчсызданган айрым ата-энелер аларды мектепке өздөрү жеткирип, сабак бүткөн соң тосуп алышууда.

Кол салууга кабылган кыздардын бири Атифа “Азаттык” үналгысынын Ооган кызматына маек куруп, баштан кечирген оор учурду айтып берди. Ал 12-ноябрда бөлөсү менен мектепке баратканда, эки эркек киши мотоцикл менен келип, алардын жүзүнө суу атчу оюнчук тапанча менен кислота бүркүп, анан качып кетишкен:

- Алар кызыл кармагычы бар кара бөтөлкөлөрдү кармап алышыптыр. Анан алар андагы суюктукту менин бетиме бүркүштү. Биз Мирваис аймагында болчубуз. Алар кислотаны (кычкыл суюктукту) көп кыздардын беттерине чачышкан, бул кыздардын арасында менин таэжемдин дагы, агамдын дагы кыздары бар болчу. Алиги кишилер алардын бардыгына кол салышты.

Кандагарлык мектеп окуучуларды мектепке кийчү окшош кийиминен улам оңой эле тааныса болот. Алар ак көйнөк, кара шым, кара чапан кийип, жоолук салынып жүрүшөт.

Атифанын айтымында, айрым кыздар качып кетүүгө үлгүргөнү менен, бери дегенде үчөө олуттуу күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Алардын бирөө көздөрүн ача албай жатат жана дарыгерлер бул кыз кийин таптакыр көрбөй калышы ыктымал деп санааркашууда.

Азырынча эч ким бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган жок, бирок ооган бийлиги бул кылмыштарга Талиптер кыймылынын тийешеси бар деп айтууда. 2001-жылга чейин талиптер Ооганстанда өкүм жүргүзүп турганда кыздарга мектепке барууга таптакыр тыюу салынган.

Балх вилайетинин Жарбулак жана Чымтал оодандарынын кыштактарынын тургундарынын айтымында, белгисиз кишилер кыздарды мектепке жибербөөнү талап кылган баракчаларды алардын короолорунун каалгаларына чаптап кетишкен.

Ооганстандын Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы болжол менен 160тай мектеп окуучусу мерт кылынган. 120дан ашуун мектеп ок атышуулардын чордонунда калып, алардын айрымдары толугу менен өрттөлүп, айрымдарынын дубалдары жарым-жартылай бузулган.

Болжол менен 600гө жакын мектеп коопсуздук себептеринен улам жабылууга дуушарланган. Мектептерге кол салуулардын көпчүлүгү үчүн жоопкерчиликти талиптер өзүнө алып, мындай иш-аракетин улантаарын эскертишкен.

Ооганстандын Агартуу министринин орун басары Сыддык Патмандын айтымында, көпчүлүк кол салуулар түштүктөгү жана чыгыштагы Кандагар, Пактика жана Логар вилайеттеринде орун алган. Бул аймактарда талиптер жергиликтүү калк арасында дагы эле өз таасирин сактап калууга умтулууда.

Өткөн жылы жоочулардын кол салуусунан Логарда эки кыз набыт болуп, үчөө оор жараат алган.

Президент Хамид Карзай баштаган ооган бийлиги Кандагардагы акыркы кол салууларды кескин айыптап, муну “бейкүнөө балдарга каршы коркоктор гана жасай турган ыплас иш” деп баалады.

Бирок ата-энелер мындай зомбулукту жөн гана айыптап тим болбостон, өкмөт кылмышкерлерге каршы чыныгы олуттуу чараларды жүзөгө ашырышын каалайт. Алар “өкмөт окуучуларды болочокто коргой алабы жана бул кылмыштардын алдын-алууга кудуреттүүбү?” деп тынчсызданышууда.

Кол салуулардан жапа чеккен кандагардык эки кыздын апасы “менин кыздарым сабатсыз ата-энесине окшобой, билимдүү болушун каалаган элем” деп айтат. Бирок бул аялдын айтымында, эми ушундай окуядан кийин кыздарын мектепке жиберүүдөн чочулоодо:

- Эч ким эртең мектепке барбайт. Эч ким! Эч ким! Бул окуяларды башынан өткөргөн адамдар эми балдарын мектепке жибербейт.

Агартуу министрлиги болсо окуучуларды өздөрү жалгыз коргой албастыгын, бул үчүн ата-энелер, жергиликтүү тургундар жана коопсуздук күчтөрү биргелешип иш алып барышы керектигин эскертүүдө. Ооганстандын жаркын келечеги өсүп келе жаткан муундардын жогорку деңгээлдеги сабатына көз каранды болгон соң, алардын коопсуздугун да жапатырмак камсыз кылуубуз абзел, дейт агартуу министринин орун басары Сыддык Патман.

XS
SM
MD
LG