Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Иракта АКШ контингенти дагы үч жылга калат


Жекшемби күнү Ирак өкмөтү коопсуздук жөнүндөгү келишимдин долбоорун жактырды. Документте АКШ 2011-жылдын этегине чейин өз аскерлерин бул өлкөдөн чыгарып кеткенге милдеттенме алды.

Келишимдин долбоору өкмөттүн жекшембиде чукул чакырылган жыйынында колго салынып, 28 добуш менен кабыл алынды, бир киши каршы чыкты. Жыйынга он министр катышкан жок.

Анын эртеси - дүйшөмбү күнү – Багдадда өлкөнүн тышкы иштер министри менен АКШнын элчиси келишимге кол коюшту. Документ парламентте бекитилген соң күчүнө кирет. Депутаттар ошол эле күнү долбоорду кароого киришти, эмдиги аптанын башында алар добуш беришет.

Жаңы келишим АКШ аскерлерине Иракта дагы үч жыл калганга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда алар эмдиги жылдын жайына чейин өлкөнүн бардык шаарларынан жана кыштактарынан чыгарылып,атайын базаларга жайгаштырылышы керек.

Келишимге жетишүү үчүн Багдад менен Вашингтон бир топ кыйын-кычыктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Ирактын көптөгөн ырасмий өкүлдөрү баштапкы долбоорду сынга алышып, ага бир катар түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылышты. Баарыдан мурда америкалыктар Ирак аймагынан башка өлкөлөргө кол салбай тургандыгына кепилдик талап кылышты. Вашингтон өз кезегинде америкалык аскерлерди Иракта сот жоопкерчилигинен бошотуу шартын койду.

Келишимдин жаңы текстине ылайык,америкалык аскерлер алдыдагы үч жыл ичинде базалардан тышкары жерлерде жасаган кылмыштары үчүн гана жоопкерчиликке тартылат, калган учурларда соттолбойт.

АКШнын Багдаддагы пресс-атташеси келишимдин жаңы долбоорун “маанилүү позитивдүү кадам” катары баалады. Ал эми Ирак өкмөтүнүн өкүлү эки тарап жетишкен мунасаны “мүмкүн болгон бардык варианттардын эң алгылыктуусу” деп атады. Анын айтымында, муну менен өкмөт өлкөнүн суверенитетин,ирак элинин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп калды. Келишимди жергиликтүү шийиттердин диний адыйы аятолла Али Систани да кубаттады.

Деген менен жаңы келишим радикалдуу имам Муктада ас-Садрга караманча жаккан жок. “Өкмөт диний эрежелерди жана арап салттарын тебелеп-тепседи, оккупанттардын айтканына көнүп, ирак элин мазактады”,-деп билдирди анын жакын жардамчысы. Имам өзү жаңы кошуун курап, АКШга каршы күрөшкө киришерин билдирди. Вашингтондон ал өз артына эч кандай база калтырбай, Ирактан токтоосуз чыгып кетүүнү талап кылды.

Иракта АКШнын 150 миңдүү аскери бар. Контингент Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мандаты менен киргизилген. Мандаттын мөөнөтү 2009-жылдын 1-январында бүтөт.

XS
SM
MD
LG