Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Өкмөт башчы кыш катаал болушу ыктымалдыгын эскертти


Табигый кырсыктарды алдын-ала эскертүүгө жана анын кесепеттерин четтеүүгө арналган Оштогу кеңешмеде премьер-министр Игорь Чудинов Ош-Бишкек автожолу социалдык-экономикалык чоң мааниге ээ экендигин белгилеп, гидрометерологиялык борбордун билдирүүсүнө караганда, алдыда катаал кыш күтүп тургандыгын, кар көчкү да көп болуп, жолдор тоңоорун маалымдады. Ошондуктан, табигый коркунучтар туурасында калкка маалыматты оперативдүү жайылтып туруу зарылдыгын, ансыз айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн нааразычылыгы күчөй тургандыгын эскертти. Кыргызстандын түндүк-түштүгүн байланыштырып турган жападан жалгыз Ош-Бишкек автожолу жабылса, массалык нааразычылыкты туудурат» деп коңгуроо какты премьер-министр Игорь Чудинов бул жыйында.

Жергиликтүү талдоочу Эркин Абдыразаковдун пикири боюнча, Ош-Бишкек автожолу эмдигиче толук кандуу пайдаланууга тапшырыла элек, ошентсе да, анын дайыма оң абалда болушуна, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна өзгөчө кырдаалдар, коргонуу, саламаттыкты сактоо мекемелери эмес коммуникация жана автонууна министрлиги, ошондой эле жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы түздөн-түз жооп берүүгөй тийиш. (ATo)

XS
SM
MD
LG