Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Талибдер ооган президентинин соңку сунушун да четке кагып, өлкөдөн чет элдик аскерлер кетмейинче эч кандай сүйлөшүүгө барбай турганын кайрадан билдиришти. Ооган президенти Хамид Карзай эгер талибдердин жолбашчысы молдо Омор тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин каңкууласа, анын коопсуздугу үчүн кепилдик берерин айтып чыккан эле. Карзай белгилегендей, мындай сунушка эл аралык коомчулук да макул болушу керек.

Ооган президенти талибдердин анабашы молдо Омор тынчтык сүйлөшүүлөрүнө көнсө, анын коопсуздугун кепилдөөгө даяр экендиги тууралуу АКШ менен Британияга иш сапарлап келген соң, жекшембиде Кабулдагы маалымат жыйынында айтты:

-Эгер мен андан (молдо Омордон) ал Ооганстанга келүүгө же тынчтык үчүн, оогандардын бакытбатчылыгы, биздин балдар мындан ары өлтүрүлбөгөндөй эркиндик үчүн сүйлөшүүгө дилгир экенин билгизсе, мен Ооганстандын президенти катары ага коопсуздукту камсыз кылыш үчүн кайсыл жерге болсо да барууга даярмын.

Ошондой эле ооган президентинин көз карашында, эл аралык коомчулук да анын айткандары менен макул болушу керек:

-Ооганстан биздин өлкөбүз. Биз анын ээсибиз. Мен бул өлкөнүн президентимин. Демек мен чечкенден кийин бул нерсе жасалуусу абзел.Эл аралык коомчулук макул болбосо, аларда тандоо бар. Бирок биз өз оюбузду өзгөртпөйбүз. Эгер мен молдо Омордун коопсуздугу жөнүндө айтсам, эл аралык коомчулукта эки тандоо болот. Же алар мени бийликтен четтетүүсү же өлкөдөн кетүүсү керек. Эгер мен Ооганстандагы тынчтык үчүн алар тарабынан күч менен кетирилсем, мен абдан кубанычта болмокмун.

Ооганстандын коопсуздук, антитеррордук күрөш жаатындагы башкы өнөктөшү катары эсептелген АКШ кезинде молдо Омордун башы үчүн 10 миллион доллар сайган. Ал учурда Пакистандын түндүгүндө, пуштун уруулары көзөмөлдөгөн аймакта жашырынып жүрөт деп болжолдонот.
Талибдер менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү тууралуу ооган президенти буга чейин да ишара кылган.

Козголоңчулардын чабуулдары кеңири жайылгандан бери, "Вашингтон Пост" гезити Карзайдын соңку жарыясынан кийин жазганына караганда, талибдердин байыстуу лидерлери менен сүйлөшүү АКШнын Борбордук командачылыгынын жаңы башчысы генерал Девид Петреустун кароосунда жаткан стратегиянын чечүүчү бөлүгү экенин соңку кездери америкалык расмий өкүлдөр да унчукпай моюнга алууда.

Талибдер болсо ооган бийлиги менен сүйлөшүүнүн шарты катары буга чейин эле өлкөдөн чет элдик аскерлердин кетишин атап келген. Бул ирээт да Талибандын өкүлү "Ассошейтед пресс" агенттигине өлкөдөн чет элдик аскерлер кетмейинче эч кандай сүйлөшүү болбосун билдирип, президент Хамид Карзайдын сунушун четке какты. Ооганстанда иштеп келген кыргызстандык саясат тануучу Орозбек Молдалиев америкалык аскерлер кеткен шартта өлкөдөгү кырдаал бүдөмөк экенин айтат:

-Эгерде Американын аскерлери азыр чыгарылса, Ооганстан кандай болуп кетерине эч ким кепилдик бере албайт. Кандай болуп кетерин айтыш кыйын чынында. Карзайдын аскерлери террорчуларга туруштук бере албайт.

Ооганстанда азыр 60 миңден ашуун чет элдик аскер бар. Алардын жарымы АКШнын күчтөрү. АКШ менен НАТОнун расмий өкүлдөрү соңку кездери козголоңчуларга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн аскерлердин санын дагы көбөйтүү зарылдыгын билдирип келишет.

Анткен менен саясат тануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, ооган бийлиги менен талиб жетекчилигинин элдешүүсүнө мүмкүнчүлүк бар:

-Карзай деле пуштун, Омар деле пуштун. Бул - бир эл, идеология үчүн гана согушуп жатышат. Булардын (пуштундардын) өзүнүн салттары, абийир кодекси бар. Ошого ылайыктап, анын негизинде жарашканга буларда толук мүмкүнчүлктөр бар. Ошол салтка ылайыктап, буларга өкмөт кечирим бергенден кийин, бири-бирин кечиргендикке барабар болуп калат. Бул жерден чатак чыкпайт, алардын салты боюнча.

Президент Хамид Карзайдын молдо Оморго коопсуздук кепилидигин берүү жөнүндөгү соңку сунушун Вашингтондон АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Гордон Жондро толук четке каккан жок. Бирок Вашингтон администрациясынын өкүлү "биз молдо Омордон ал кыянатчылыкты жээрип, "ал-Каида" менен баардык байланышын үзүп, ооган өкмөтүн жана Конституциясын колдоого даярдыгын ишара кылган кандайдыр бир белгини көрө элекпиз",- деп айтты.

Ал эми Хамид Карзайдын президенттик мөөнөтү келерки жылы аяктайт. Америкалык "Нью-Йорк Таймс" гезитинин жазганына караганда, анын кайра шайлануусу талаштуудай өңдөнөт. Согуш жана жакырчылык күчөгөн шартта, азыркы бийликти коррупцияланышкан деп эсептеген элдин Карзайга карата ишеними да төмөндөө.

Андыктан, "Нью-Йорк Таймстагы" макалада айтылган көз карашка караганда, Карзайдын акыркы кездери коалициялык күчтөрдин дарегине карата сынчыл сөздөрдү айта баштоосу, мекенинде колдоо алууга багытталгандай да көрүнөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG