Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Бүгүн “23 млн. сом жөнүндө” аттуу акция өтөт


Иш чара өкмөт үйүнүн маңдайында өтөт. Укук коргоочу Максим Кулешов аталган иш чараны “Демократиянын көчө сабактары” акциясынын алкагында өткөрүүдө. Буга 2005 жылдын мартында Улуттук Банктын Жалал-Абаттагы филиалынын тонолуп, бул кылмыштын бети ачыла электиги негиз болууда. Анда “Элди ким тоноду?”, “23 млн. сом каякта?” деп жазылган баракчалар таратылаары кабарланууда. Мындан 3 жыл мурун, март окуясы түнү Улуттук Банктын Жалал-Абаттагы филиалы тонолуп, 23 млн.сом жоголгон. Бул убакыт аралыгында тоноого тиешеси бар адамдар табылган эмес. Ал эми УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратура бул иш боюнча коомчулукка эч бир маалымат бере элек. “Кылмышка тиешеси барларды жоопко тарткандын ордуна, бул мекемелердин кызматкерлери сөз эркиндигин басмырлап, оппозицияны куугунтуктоо менен алек”,- дейт Максим Кулешов. 10 ноябрда Максим Кулешов УКМКнын маңдайында "Дело№" гезитинин журналисти Вадим Ночевкиндин суракка чакырылышына байланыштуу акция өткөрүп, натыйжасында соттун чечими менен 1500 сомго айыпка жыгылган. (MSu)

XS
SM
MD
LG