Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Элдик курултай кайсы жерде өтөөрү белгисиз


Бийлик 29-ноябрга белгиленген Элдик курултайды өткөрүүгө имарат бөлүп бербей жатат. “Ата-Мекен” партиясынын Нарын облусу боюнча координатору, Коомдук парламенттин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, шаар башчысы Нариман Түлеев иш чараны эски аянтта өткөрүүгө уруксат берген жок. Ал эми буга чейин суралып жаткан Спорт сарайында ал күндөрү маркум Раатбек Санатбаевдин элесине арналган турнир өтүп жатканына байланыштуу берилген эмес. Эми “Акыйкат үчүн” кыймылы курултайды Улуттук опера жана балет театрында өткөрүүгө уруксат алуу аракетин көрүүдө. Маалыматтарга караганда, оппозиция өкүлдөрүнө имарат маселесин чечип берүүгө Акыйкатчы Т. Акун көмөк көрсөтүүдө. “Учурда бийликтин каалабастык мамилеси көрүнүп турат. Бийлик имарат бербеген күндө да курултай сөзсүз өтөт”, - деп билдирди А. Шыкмаматов. (MSu)

XS
SM
MD
LG