Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Аскер соту А. Политковскаяга байланыштуу ишти ачык караоону чечти


Москва округунун аскерий соту А. Политковскаяны өлтүрүү боюнча ишти ачык кароону чечти. Орус аскерлеринин Чеченстандагы мыйзамсыз иштерин ашкерелеген журналист 2006-жылдын 7-октябрында Москвада үйүнө кирип баратканда атып өлтүрүлгөн. Соттун төрагасы Евгений Зубовдун билдиришинче, сот мүчөлөрү аларга кандайдыр бир кысым көрсөтүлгөнүн айтышса, жараян жабык өткөрүлөт. Тергөөчүлөр айыпталуучулардын бири Федералдык коопсуздук кызматынын мурдакы офицери экенин айтып, соттун жабык өтүшүн талап кылып жаткан.

XS
SM
MD
LG