Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

Өзбекстандык укук коргоочу эл аралык сыйлыкка татыды


Адам укугун коргоочу он уюмдун Мартин Эннал атындагы абройлуу сыйлыгына татыган Өзбекстандык таанымал укук коргоочулардын бири, 45 жаштагы Мутабар Тожибаевага аталган сыйлык 20-ноябрда Женевада ыйгарылат. М. Тожибаева июнь айында Өзбекстанга эл аралык коомчулуктун басымы менен Ташкенттин абагынан чыккан. Ал 2005-жылы президент Ислам Каримовдун өкмөтүн Анжиян шаарындагы кан төгүү үчүн ачык айыптап чыккан эле. Ушул окуядан көп өтпөй эле жалпысынан 17 айып, анын ичинде салык төлөөдөн качкан, жалган жалаа жапкан, мыйзамсыз уюмдун мүчөсү болгон деген жүйөө менен 8 жылга түрмөгө кесилген эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG