Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Сомалилик деңиз каракчылары арабдардын танкерин барымтага алышты


Сомалилик деңиз каракчылары Кениянын жээктеринен Сауд арабиялык ири Sirius Star мунай танкерин барымтага алышты. Танкер наркы 100 млн. доллардан ашык турган 2 млн. баррелге чукул нефть ташып бараткан болчу. Кеменин экипажы жыйырма беш адамдан турган. Сомалилик каракчылар деңиз аркылуу жүк ташуучу кемелерге акыркы айларда ондогон чабуул жасашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG