Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

ИИМ: Т. Тургуналиевге административдик чара көрүү каралууда


ИИМдин маалымат кызматынын билдиргенине караганда Мамлекеттик автоинспекция автоунаасы техникалык кароодон өтпөгөндүгү үчүн Элдик революциялык кыймылдын мүчөсү, «Жип Сайгон Оптион» автоунаасынын ээси Топчубек Тургуналиевдин айдоочулук күбөлүгүн алып, 15 күнгө убактылуу күбөлүк жазып берген. Буга байланышкан административдик материал 15-ноябрда “Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү” мыйзамдын 225-беренесинин негизинде даярдалган. ИИМдин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө ошондой эле Таласта Топчубек Тургуналиевди коркутуп-үркүтүү болду деген маалыматты төгүндөп, ага ИИМдин тиешеси жогун билдирген.
Элдик революциялык кыймыл бүгүн Талас шаарындагы стадиондо элдик курултай өткөргөнү жатат. Кыймылга кирген оппозициялык лидерлер үч күндөн бери Таласта болушууда. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG