Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Депутат Руслан Шаботоевди издөө комитети түзүлдү


Комитет депутатты издөөгө коомчулукту тартуу максатында түзүлдү. Эжеси Сымбат Шаботоеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда депутаттын дарексиз жоголгонуна бүгүн 48 күн болду. Тартип коргоо кызматтарынын издөөсүнөн майнап чыккан жери жок. Шаботоева ошондой эле инисинин жоголушуна анын карызы себепкер болду деп эсептебейт. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев өткөн аптада парламентке берген маалыматында ушул божомол да иликтенип жаткандыгын билдирген. Руслан Шаботоевден эки күн мурун СДП фракциясынын дагы бир депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиражанов да белгисиз себептер менен жоголуп кеткен. (BuS)

XS
SM
MD
LG