Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Н.Шакиев: Президенттин мөөнөтүнөн мурда кетишине негиз жок


Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев “Азаттыкка” Кыргызстанда өлкө баш мыйзамына каршы келбеген ар кандай акцияларды өткөрүүгө болоорун тастыктады. Бирок мындай иш-чараларды уюштурууга жана анда көтөрүлгөн талаптарга негиз болуш керек дейт, Н. Шакиев. Президент маалымат катчысы өлкө башчыны мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүүнү талап кылуу үчүн, анын кызматы учурундагы одоно каталар көрсөтүлүшү керектигин, бүгүнкү күндө андай мүчүлүштүктөр жоктугун билдирди. Элдин турмушун жакыр деп айтууга болбостугун, баалар өскөнү менен мамлекет ага каршы чараларды көрүп жатканын, март ыңкылабынан тарта экономикалык, социалдык чөйрөдө бир топ алгылыктуу иштер жасалып, маяна, пенсия акы көбөйүп, бюджет үч эсе өскөнүн белгиледи. Коррупция менен күрөшүү өзүнүн жемиштерин берип жатканын айтты. Ошондой эле оппозициянын курултайына бийлик кысым көрсөтүп жатат, деген айыптарды төгүнгө чыгарды. (EBM)

XS
SM
MD
LG