Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:58

Грузия менен Орусиянын августагы согушунан кийин чогултулган далилдер адам укуктары жаатындагы жана гуманитардык мыйзамдарды эки тарап тең бузганын каңкуулоодо.

Бул тууралуу Эл аралык мунапыс уюму шейшембиде жарыялаган отчетто айтылат. Аталган уюм ошондой эле эки тараптын согуш учурундагы жүрүм-туруму боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү колдоого Тбилисини да, Москваны да чакырды.

Эл аралык мунапыстын "Жарандар оттун тилкесинде" деп аталган отчету согуш аяктагандан үч айдан соң жарыяланып олтурат. Документте айтылгандай, жаңжал орун алган негизги аймактарга уюм тарабынан август айында жана октябрдын соңунда жиберилген иликтөөчүлөр топтогон маалыматтарга, Грузиянын, Орусиянын, Түштүк Осетиянын тийиштүү бийлик өкүлдөрү менен өткөрүлгөн интервьюларга негизделген.

Согуштун негизги бөлүгү бир аптага да жетпегенине карабай, Эл аралык мунапыстын эсебинде, али 30 миңдей грузин менен осетин үй жайсыз. Алардын ичинен 24 миңдей этникалык грузин Түштүк Осетиядагы жана Орусия орноткон "буфердик зоналардын" ичиндеги үйлөрүнө кайта албай олтурат.

Ал эми эки тараптан тең турак-жайына кайта алгандардын көбү очогу уурдалып, тонолгонуна же бузулганына күбө болушкан. Грузия менен Түштүк Оссетияны иш жүзүндө бөлүп турган чек аранын боюнда "талап-тоноо, ок атуу, жарылуу, адам урдоолор" акыркы апталарда да орун алды.

Эл аралык Мунапыстын Грузия менен Түштүк Осетияга барып келген өкүлү Жон Далхизендин (John Dalhuisen) айтымында, чек аранын эки тарабында, адам турбаган аймакта, бири экинчисинен 500-600 метрдей аралыкта грузин жана осетин күчтөрү жүрөт. Мурдагы жашоочулар болсо өз короо-жайларына тобокелчиликке салып кирүүдө:

- Бул аймактарда али адамдардын турмуш-тиричилиги көз каранды үйлөр менен жерлер көп. Өзгөчө ушул чөлкөмдөрдө коопсуздукка эч кандай кепилдик жок. Иш жүзүндө алар - өзгөчө- түндө барууга болбой турган аймактар. Анткен менен айрымдар ал жакка күндүз барышат. Мен жергиликтүү бир тургунду Грузиянын нейтралдуу аймактагы акыркы көзөмөл бекетине чейин коштоп бардым жана ал киши жүзүмзарынын түшүмүн жыйноо үчүн кандай тобокелчиликке тушукканын аңдап -билдим.

Эл аралык мунапыстын отчетунда белгиленген дагы бир факт – согуш күндөрү эл жашаган аймактарга кластердик, же чачырама снаряддар менен бомбалар Орусия дагы, Грузия тараптан да атылган. Эл арасында жоготууларга алып келүү менен катар ошол бомбалардын жарылбай калган бөлүкчөлөрү бир топ аймакты да булгады. Алар жарандардын өмүрүн азыр да тобокелчиликке салууда.

Маселен, 17-ноябрь, дүйшөмбү күнү эле Грузия менен Түштүк Осетия ортосундагы административдик чек арадан түштүк тараптагы Плави деген кыштактагы жарылуудан грузиялык эки сапер мерт болуп, дагы 9 киши, анын ичинде бир жаш бала жаракат алды. Өткөн аптада болсо Грузиянын Түштүк Осетия менен чектеш Гори районундагы кыштактын тургундары өкмөттөн коргоону талап кылып, нааразылык акциясына чыгышты:

-Биздин кыштакта полициянын көзөмөл бекети да жок. Эки күн мурда 10 полициячы келди, бирок бизди аймак минадан тазаланганына ынандыра алышкан жок. Биз түшүмдөн калганын да сактап кала албай жатабыз. Бул корголбогон кыштакта кечээ атүгүл жарыкты өчүрүп салышты. Бир аз үн чыкса эле жиндидей чуркап, абдан коркуп калдык.

Ал эми жаңжал учурунда канча адам мерт болгону отчетто так айтылбайт. Бирок алардын саны, Эл аралык мунапыстын эсебинде, согушта мерт болгон аскерлерден, талкаланган же бузулган турак үйлөр менен оорукана, мектеп, башка жарандык обьектердин санынан кыйла көптүк кылат.

Айтор согуш бүткөндөн бери Орусия да, Грузия да бири-бирин аскерий кылмыштарды жасаганы үчүн айыптап келет. Эл аралык Мунапыс уюму мындай олуттуу айыптоолор көз карандысыз жак тарбынан иликтенип, эгер ырасталса, күнөлүүлөр жазалануусу керек деп эсептейт. Андыктан уюм Грузиянын да, Орусиянын да бийликтерин Эл аралык Гуманитардык тергөө комиссиясы (IHFFC) иликтөө жүргүзүүсүн колдоого чакырды. Уюмдун өкүлү Жон Далхизен (John Dalhuisen) мындай дейт:

- Бул Женева конвенциясына ылайык куралган мекеме, бирок эл аралык гуманитардык мыйзамдардын бузулушун макулдашылган негизде иликтөө үчүн түзүлгөн жана буга мандат алган. Андыктан биз жаңжал көбүртүп-жабыртылган маалыматтар, эки тараптан тең айтылган көйгөйлөр менен коштолгондуктан, бул эксперттик мекеме чынында эмне болгонун аныктоодо эң жакшы салым кошмок деген ишеничтебиз.

Грузия менен Орусиянын өкүлдөрү болсо Грузиядан ажырап кеткен, Орусия көз карандысыз өлкөлөр катары тааныган Түштүк Осетия менен Абхазиянын келечегин талкуулоо үчүн эртең, 19-ноябрда Женевада сүйлөшүүнүн экинчи айлампасына чогулуусу керек. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы ага Түштүк Осетия менен Абхазиянын өкүлдөрү катышуусу керекпи же жокпу деген маселе боюнча талаштан улам үзгүлтүккө учураган. Грузия Орусиянын аларды катыштыруу талабына каршы.

Эки тарап ошондой эле Еврошаркеттин ортомчулугу астында жетишилген тынчтык келишиминин шарттары аткарылуусун, жер которууга мажбур болгон адамдарды кайтаруу маселесин да кароосу керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG