Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Обама Гуантанамо Бэй абагын жабат


Гуантанамо Бэй түрмөсү
Гуантанамо Бэй түрмөсү

АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама Гунтанамо Бэйдеги кармоочу жайды жабуу ниетин бышыктады. Кыйноолорго жол бербөө керектигин белгилеген Обама мындай кадам “Американын дүйнөдөгү моралдык статусун калыбына келтирүү” үчүн зарыл деп белгиледи.

Абактын жабылышы менен президент Буштун терроризмге каршы согушундагы эң карама каршылыктуу жагдайлардын бирине чекит коюлмакчы.

Эмки президенттин Гуантанамо түрмөсүн жабаары айкын болуп калды. Муну Барак Обама жекшембиде шайлоодон кийинки алгачкы телеинтервьюсунда тастыктады. Обама болочокто суракка алуулардын мыйзам чегинде жүргүзүлүшүн камсыздоого аракеттенерин кошумчалады.

Буш администрациясы абак АКШны жана өлкөнүн чет жактардагы кызыкчылыктарын террордук чабуулдардан коргоо үчүн зарыл деп ырастап келген эле. Ак-Үйдүн сынчылары болсо өлкөнүн сыртындагы абакты терроризмге каршы уруштун борборуна айландыруу жаңылыш кадам болуп калды деп эскертишүүдө.

Эмнести Интернешнл уюмунун өкүлү Роб Фриер бул ойду мындайча чечмелейт:

- Адам укуктары жөнүндөгү жоболорго көлөккө түшүрүлдү. АКШ бул антитеррордук кампанияны согуш деп атап алып, аны адам укуктары чөйрөсүндөгү эларалык милдеттенмелерин аткарбоо үчүн пайдаланды. Ошентип, өкмөт айрым бир жагдайларга каалагандай ат коюп, душмандарын өзү билгендей аныктап, адам укуктары боюнча милдеттенмелерин бурмалай алат деген жаңылыш ой жаралды.

Ассошейтед пресс кабарлаганына караганда, Обама суракка алууларды, анын ичинде сынчылар кыйноо деп атаган ыкмаларды иликтөө үчүн комиссия түзөт деп күтүлүүдө.

2002-жылдын январынан бери Гуантанамодо терроризм үчүн шектелген 700дөй адам кармалып келди. 500дөй туткун бошотулган, 250дөйү камакта кала берүүдө.

Буш администрациясы абакты жабуу ниетин билдиргени менен, ал жердеги айрым адамдар өтө кооптуу деп санайт. Вашингтон алар мекенине кайтарылса, дароо эркин кылынат деп чочулайт. Кээ бирлерин болсо өз өлкөлөрүндө кабыл албай коюшкан. Азырынча түрмөдөгү 2 кишиге гана айып тагылган. Аскерий трибунал дагы 20дан ашуун туткунду соттоону көздөөдө. Алардын айрымдары 11-сентябрь теракттарын уюштурууга көмөктөшкөн деп күнөөлөнүүдө. 4 адам абакта отурган кезинде өз жанын өздөрү кыйган.

Түрмө өлкөнүн сыртында, атап айтканда Кубада жайгашкандыктан, туткундар АКШнын жарандык же аскерий мыйзамдарында каралган укуктарга ээ боло алышпайт. Бул карама каршылыктуу жагдайга америкалык басылмалар шайлоо кампаниясы маалында көп көңүл бурушту.

XS
SM
MD
LG