Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:24

Талиптердин диний “аталары” террорду айыпташты


Исламабаддагы "кичи жырга" курултайынан
Исламабаддагы "кичи жырга" курултайынан

Индиянын айтылуу Деобанд медресесинде диний масилет өткөргөн мусулман аалымдары террорду айыптаган батубаны бекитишти. Ооганстандагы азыркы талиптер деобандчыларга же дарул-улумчуларга кирет. Өз “аталарынын” мындай диний өкүмүнөн кийин алар кантет?

Деобанд шаарындагы медресеге өткөн аптада бүткүл Индиядан төрт миңдей уламалар менен муфтийлер чогулушту. Алар былтыр майда террорчулукту жана кыянатчылыкты кудай алдындагы кечирилгис кылмыш деп жарыялаган диний чечимди – батубаны бекитишти.
Деобандда негизделген Дарул-Улум мектебинин саясий уюму – Жамиат Улама-и Хинди (JUH) партиясынын баш катчысы, Индия парламентинин депутаты Маулана Махмуд Мадани диний батубада бейжазык адамдарды өлтүрүү же аларга кыянат кылуу террорчулук деп аныкталганын жана айыпталганын билдирди.

Деобанд Дарул Улум агымы мындан 150 жыл илгери Британиянын оторчулугуна каршы күрөшкөн кыймыл катары пайда болгон. Анын таасири, диний үгүт-үйүтү Индияда эле эмес, бүткүл түштүк Азиядагы мусулмандар, негизинен сүннү мазабындагылар арасына кеңири таралган. Ушу тушта дарул-улумдун Пакистанда, ошондой эле Ооганстанга чектеш аймактарда миңдеген медреселери бар. Талиптердин баары, алардын адыйы Омар молдо да дал ошол медреселерде таалим-тарбия алышкан. Учурунда талиптердин ырасмий өкүлдөрү ооган жеринде жашаган ар бир кишини деобандист деп аташкан.

Эми алар өздөрүнүн диний “аталары” чыгарган бүтүмгө ыкрар кылып, террорчулуктан, жанкечтиликтен, кыянатчылыктын башка түрлөрүнөн баш тартышы мүмкүнбү?

Мадани муну айта албайт. “Талиптер эмне дешерин мен билбейм, - деп айтты ал “Азаттыкка”. - Бирок бу маселе сөзсүз талкууланышы керек”. Мадани жакынкы аралыкта Түштүк Азия кызматташтык бирикмесине кирген сегиз өлкөнүн баарынан мусулман уламалары менен муфтийлерди чогултуп, батубаны колдоп берүүгө чакырганы жатат. Ошондон соң бул чечим талиптерге да милдеттүү болуп калышы мүмкүн.

Пешевардагы эң ири медресенин башчысы молдо Сейид Арифин да бул ойду колдоду. Өзгөчө ал ооганстандык жана пакистандык уруу башчылары баштаган ”кичи жырга” процессин бардык мусулмандар арасында өткөрүү керек дейт. “Алла таала, Мукамбет пайгамбар эки мусулман араздашса, аларды жараштыргыла деп үйрөтөт. Жырга - мусулмандарды талиптер менен элдештирүүнүн жакшы жолу боло алат”.

Италиялык белгилүү эксперттердин бири Франческо Заннини дарул-улумдун батубасын негизинен оң мааниде баалады. “Таасирдүү кыймыл катары деобандчылар “Ал-Каида” өңдүү уюмдар жасап жаткан иштерди айыптаганын алганда, бул, албетте, сөзсүз чоң кадам,- деп билдирди ал биздин радиого. – Ошол эле учурда Курандагы жихад концепциясы турганда “Талибан” өз аракетин актап-жактаганга баары бир жетерлик жүйөө табат”.

Дагы бир маалымат: “Ал-Каиданын” Египеттеги идеологиялык “атасы” аталган мисирлик аалым, таанымал тапсирчилердин бири Сайид Имам ал-Шариф былтыр майда Усама бин Ладендин тактикасын айыптаган бир нече макалаларды жарыялады. “Мусулмандарга кылайган кыянат жасаганга да тыюу салынат, исламдын душмандары буга барган күндө да биз мындайга бара албайбыз”,-деп жазды ал жергиликтүү гезиттердин биринде.
XS
SM
MD
LG