Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Борбор азиялык ырчы кыздар Парижде


Париждин маданият чөйрөсүндө бул концерт кыйла толкунданууну жаратты. Борбор Азиянын булуң-бурчунан, анын ичинде Кыргызстандан келген ырчы кыздар француздарды өтө сунтандырып, ошол эле мезгилде, Париждеги борбор азиялыктар алыскы мекенине болгон сагынычын аз да болсо жазып алышкансыды.

Чыгыштын кыз-келиндери атам замандан эле жароокердиги, эмгекчилдиги, чексиз боорукердиги, адамгерчилиги менен белгилүү. Ал эми бул сапаттарга дагы музыкалык шык-таланты кошулганда, аларды сахнага чыгарып, же төргө отургузуп коюп, карап эле отургудай.

Парижде 14-ноябрь, жума күнү кечинде, Театр де ла вий, же Шаардык театрда өткөн концерттин угармандары мына ушундай бир айрыкча сезимдерге жетеленди белем. Бул атактуу концерт залында борбор азиялык башка да шайырлар мурда да оюн коюшканда болгом, бирок бул жолу айрыкча бир толкундануунун эпкини келип тургансыды.

Түркмөн, казак, өзбек, кыргыз ырчы кыздары домбрада, комузда, дутарда кол ойнотуп, ата-бабалардын ырларын жүрөктөрдү түпкүрүнө чейин козголткондой созолонтуп ырдачу болсо, жүздөгөн көрөрмандар жык толгон зал дуу деп козголуп барып, дүркүрөтө кол чаап жатты.

Кыргызстандан бул концертке "Теңир-тоо" тобунун комузчусу Гүлбар Байкашкаева жана жаш кыл-кыякты Залина Касымова катышты.

Концерттен кийин шайырларды вестибюлда топологон эл бир далайга чейин курчап алып, алты кыздын улам бирине калем сунушту, автограф алгандары кудуңдап четке чыкты, башкалары бейтааныш айымдардан сүрдөп, бир чети алардын тилин билбегенинен тартынып, сүйлөшө албай айланчыктап турушту.

Ал эми көп элден тартынбай алга өтүп, кыздарга кол сунгандар алардын бул концертке атайын келген улутташ, мекендештери болду. Айрыкча түркмөндөр үчүн бул өтө толкундантчу көз ирмем болуп калды, анткени Түркмөнстандан чет жакка чыккандар өтө аз, ал эми музыкант, шайырлар жокко эсе. Көрмандардын арасында казактар айрыкча көп болду.

Мына ушундай көпчүлүктү сунтандырган ырчы кыздардын концерти Ага Хандын борбор азиялык Музыкалык демилгесинин колдоосу менен мүмкүн болду. Демилгенин директору Фейруз Нишанованы мен көрөрмандардын арасынан жолуктурдум. Анын айтымында, Батышта чыгыш элдеринин, анын ичинде аялдардын музыкасы тургай, алардын өздөрү тууралуу түшүнүктөрү жок, же алар тууралуу үчүнчү сорттогу адамдардай мамиле кылат деген тескери түшүнүк басымдуулук кылат. Айрыкча, Борбор азиялык айымдарды начар билишет:

- Биздики өңдөнгөн программалар чыгыш аялдары тууралуу эскичил же бир жактуу ушундай түшүнүктөрдү жоюга жардамдаш болот. Бизде аялдар сахнанын гана эмес, жашоонун да чок ортосунда турат. Биз ушуну көрсөткүбүз келди.

Аталган кордун колдоосу менен Кошмо Штаттарынын улуттук музейи болгон Смитсонианстын музыка жазуучу Фолксуейс бөлүмүндө бүгүнкү концертте катышкан казак жыраусы Уулжан Байносынова, Ардак Исатаева менен катар, Кыргызстандан Кенжегүл Кубатова, Тажикстандан Озада Ашурова жана башкалар тууралуу анталогиялык атайын том чыккан. Компакт диск, документалдуу тасма жана китепчеден турган жыйнак. "Ырчы кыздар" деген аталышта Борбор Азиянын музыкасы деген 10 томдук антологиянын төртүнчү тому болуп жарык көргөн. Театр де ла вийдеги концертте шайырлар кол койгон дисктер дал ошол антологиялык жыйнактар болду.

XS
SM
MD
LG