Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

Бириккен Улуттар Уюмунун 17-ноябрда жарыяланган билдирүүсүнө ылайык, Кытайда жакырлар менен байлар ортосундагы ажырым өлкөнүн экономикасына жана социалдык абалына олуттуу коркунуч жаратышы ыктымал.

Шанхай өңдүү Кытайдын ири шаарларында маянанын өлчөмү, билим берүү деңгээли жана жан башына өндүрүлгөн киреше Европадагы айрым өлкөлөрдүн көрсөткүчүнө жеткени менен, түштүк батыштагы Чуйчжоу провинциясындагы абал Африканын Ботсвана жана Намибия өлкөлөрүнө окшош.

“Өлкө экономикасы тез ылдамдыкта өнүккөнү менен анын терс кесепеттери кошумча тоскоолдуктарды жаратууда” деп айтылат БУУнун билдирүүсүндө.

Улуттар Уюму үчүн кытайлык адистер тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө өлкөдөгү экономикалык реформанын 30 жылдыгына карата даярдалды.

Отуз жылдан бери жүз миллиондогон киши жакырчылыктын сазынан чыгып, Кытайдын экономикасы жакшы өнүгүп жаткан Түркия жана Тайланддын катарына кошулду.

Бирок Кытайдын экономикасы дүйнөлүк каржы кризисинен, керектөөчүлөрдүн көрсөткүчүнүн төмөндөшүнөн улам оор абалга кептелди.

Көпчүлүк байкоочулардын баамында, кытайлыктар өз саламаттыгы, билим алуусу жана пенсия үчүн мурдагыдан азыраак акча сарпташууда.

Кыргызстандык экономист Жумакадыр Акенеев Кытайга байма-бай каттап турат. Анын баамында, Кытайда жакырлар менен байлар ортосунда ажырым өтө байкалбайт. Себеби Коммунисттик партия жагдайды кылдат көзөмөлдөп турат, дейт Жумакадыр мырза:

- Менимче, жалпы ички дүң продуктусу боюнча Кытай АКШдан кийин экинчи орунга чыкты. Бирок шаардыктар менен элеттиктер ортосунда ажырым пайда болду дегенге мен кошула албайм. Себеби бүгүнкү күндө Кытайды Коммунисттик партия көзөмөлдөйт. Булар социализм, коммунизмдин баалуулуктарын жоготпой, базар экономикасына өтүп, Коммунисттик партия элдин камын ойлоп келет. Шаарлар чындыгында эле жакшы өнүгүп жатат, себеби ал жакта шарт жакшыраак. Жалпысынан Кытай айыл-чарба жагын дагы абдан өнүгүп жатат.

Жумакадыр Акенеев кошуна Кытайдын экономикасынын өнүгүшү Кыргызстанга дагы таасирин тийгизет деген пикирде:

- Кытай өнүккөн мамлекет катары бизге кошуна болгону жакшы. Себеби Кытайдын товарлары дүйнөлүк баага караганда арзанырак сатылат. Алар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонушат жана товарлары арзан. Экинчиден, бизге коркунуч жараткан жагы дагы бар. Себеби Кытайдын товарлары, өзгөчө айыл-чарба товарлары арзан болуп, биздин базарларга көп алынып келсе, биз өзүбүздүн айыл-чарба тармагыбызды жоготуп коюшубуз мүмкүн. Мисалы, Кытайдын эти бүгүнкү күндө Кыргызстанда үч эсе арзан. Ошондуктан биз ушуну алдын алышыбыз керек. Бирок биздин товарлардын сапаты Кытайдыкына караганда эки-үч эсе өйдө.

Кытайдын төрагасы Ху Цзинтаону дүйнө лидерлери өлкөнүн ири алтын резервдерин колдонуп, эл аралык каржы мекемелерине жардам көрсөтүүгө түртүшүүдө. Бирок өткөн аптада Вашингтондо дүйнөлүк кризиске арналып өткөн саммитте Ху Цзинтао эч кандай убада берген жок.

Анын аралыгында Кытай өкмөтү экономиканы колдоо үчүн 4 триллион юан, же 400 миллиард доллар жардам көрсөтөрүн билдирди. Бул акчанын 1 миллиарды борбордук өкмөт тарабынан каржыланса, калган акчанын ири бөлүгү жергиликтүү бийлик бөлгөн насыядан алынат.

Өкмөт ажыратып жаткан акчанын чоң бөлүгү саламаттык сактоо жана билим берүү тармагына багытталары айтылганы менен, айрым байкоочулар акча фонддорго жиберилиши ыктымал деп айтышууда.

Бириккен Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, Кытайда 1990-жылдан 2005-жылга чейин карапайым калктын жашоо шарты кыйла жакшырган.

Бирок Улуттар Уюму үчүн жүргүзүлгөн изилдөөнүн авторлорунун бири Чи Фулиндин (Chi Fulin) айтымында, 2020-жылга чейин Кытайдын 750 миллион элет тургунунун билим деңгээлин жогорулатуу, саламаттыгы жана жашоо шартын жакшыртуу үчүн 5 миллиард 800 миллион евро талап кылынат.
XS
SM
MD
LG