Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

Орус-грузин чатагынын адам укуктарына таасири жарыяланды


Грузия менен Орусиянын августтагы жаңжалында адам укуктары жаатындагы жана гуманитардык мыйзамдарды эки тарап тең бузган. Бул тууралуу Эл аралык мунапыс уюму шейшембиде жарыялаган баяндамасында айтылат. Согуштун негизги бөлүгү бир аптага да жетпегенине карабай, Эл аралык мунапыстын эсебинде, али 30 миңдей грузин менен осетин үй жайсыз. Алардын ичинен 24 миңдей этникалык грузин Түштүк Осетиядагы жана Орусия орноткон "буфердик зоналардын" ичиндеги үйлөрүнө кайта албай олтурат. Грузия менен Орусиянын өкүлдөрү болсо Грузиядан ажырап кеткен, Орусия көз карандысыз өлкөлөр катары тааныган Түштүк Осетия менен Абхазиянын келечегин талкуулоо үчүн , 19-ноябрда Женевада сүйлөшүүнүн экинчи айлампасына чогулуусу күтүлүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы ага Түштүк Осетия менен Абхазиянын өкүлдөрү катышуусу керекпи же жокпу деген маселе боюнча талаштан улам үзгүлтүккө учураган.

XS
SM
MD
LG