Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

Кыргыз депутаты Кытайдагы конференцияга катышат


Бүгүн Кытайдын Үрүмчү шаарында “Борбор Азия жана ШКУ мамлекеттериндеги жаңы геосаясий кырдаал” деген темада конференция башталат. Ага Кыргызстандан социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов катышып, “ Борбор Азиядагы жаңы геосаясий кырдаалдын негизги факторлору” деген темада сөз сүйлөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Кытай сапарынан кийин Бакыт Бешимов Жогорку Кеңештин расмий делегациясынын курамында Германияга барат. Бул сапардын максаты немис парламентинин иши менен таанышуу. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG