Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Кризис мандикерлердин да кылтасын кыркат


Чет жактарда жалданып иштеп жүргөн мигранттар быйылкы жылы өз өлкөлөрүнө 280 миллиард доллар акча которушту. Дүйнөлүк банктын эсебинде эмдиги жылы бул агым Европанын чыгышында жана Борборазияда кескин кыскарат.

Ошол эле банктын маалыматтарына ишенсек, тыш жактарда мандикерлик кылып жүргөн тажиктер жыл сайын өз мекенине өлкөнүн бүткүл ички дүң продукциясынын теңине тете келген өлчөмдө акча которуп турушат. Молдовага да ИДПнын 40 процентинен көп каражат сырттагы жарандарынан түшөт.

Ооганстанга былтыр тыштан, көбүнчө эл аралык донорлордон 13 миллиард доллардан ашуун акча келди. “Анын 400-500 миллионун ар кайсы жактарда жүргөн ооган жарандары которгон болушу мүмкүн. Муну так айта албайм, бул иш жаңыдан гана колго алынып келатат”,-деп билдирди бизге Кабулдан борбордук банктын башчысы.

Эски совет республикаларынан чыккан мигранттар азыр көп жерлерден жолугат. Алардын бири – 36 жаштагы Гулбахар Өзбекстанда тарых мугалими эле. Былтыртан бери Прагадагы мейманканалардын биринде иштейт. Өп-чап тамагынан ашкан акчанын баарын үйдө калган энесине,ини-сиңдилерине жөнөтөт. ”Антпесем алар ачка калат, ошондуктан ай сайын 500 доллар салып турам”,-дейт ал.

Бакулук Зияфат Ибрагимова да тестиер балдары, жети жашар небереси болуп ай башында зарыгып жол карап турушат. Москвада базарда соода кылып жүргөн күйөөсү, таксист болуп иштеген уулу адатта Бакуга каттаган тааныш-билиштери аркылуу акча жиберип турушчу эле. ”Кризис чыкканы алардын да абалы кыйындап кетти, - дейт Ибрагимова. - Алар салган акча бу жерде эчтемеге жетпей калды. Мурда балдардын кийим-кечесин бир-бирине кийгизип, кем-карчыбызды эптеп толуктап турчу элек, балдар чоңойгон сайын бул да кыйын болуп баратат”.

Россияда азыр ар жактан келген мигранттар 12 миллиондон ашат. Алардын саны жагынан Россия дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунга чыкты.

Быйыл Америкада тутанган кризис дүйнөнү каркап каптап, Европада өндүрүш эңкейиштей баштады. Россияда да абал кыйчалыштап баратат. Улуттар Уюмунун соода жана өнүктүрүү мекемесинин башчысы Супачай Паничпакди эмдиги жылы мигранттар которо турган акчанын көлөмү бүт дүйнөдө 6 процентке кыскара турганын эскертти.

Кыргызстанда бул азыртан эле сезиле баштады. Өлкөнүн экономиканы өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров жарыя кылган маалыматтарда Россияда көптөгөн курулуш компаниялары быйыл жумушчу орундарды 30 процентке кыскартышканы, келерки жылы бул көрсөткүч дээрлик 50 процентке жетери айтылат.

XS
SM
MD
LG