Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:17

Кошмо штаттарда келерки жылдын 20-январында жаңы президент ишке киришет. Шайлоо жыйынтыгы чыккандан президент ант бергенге чейинки жетимиш күндөн ашуун убакыттын аралыгында бийликти тынч өткөрүүнүн буга чейин калыптанып калган салты кандай?

Бийликтин бир президенттен экинчисине өткөрүлүшүнө 1950-жылдардан тарта такай катышып жүргөн адамдардын бири, азыр Вашингтондогу Брукингс институтунун улук изилдөөчүсү Стефан Хесс (Stephen Hess) мырзага "Азаттык жана Эркин Европа" радиосу айрым суроолор менен кайрылды.

"Азаттык":
- Сиз быйылкы президенттик шайлоодо кызматка киришүүчү жаңы президент үчүн нускоолорду камтыган китеп жаздыңыз. Адегенде ошол эмгегиңиз тууралуу бир аз айтып бересизби?

Стефан Хесс: - Ал "Биз эми эмне кылабыз? Шайланган президент үчүн окуу китеби" деп аталат. Биз быйыл 4-ноябрда болгон президенттик шайлоодон баштап, шайланган президент өзүнүн ордуна 20-январда, түшкө белгиленген ант берүү аземине жеткенге чейин жасоосу керек болгон нерселердин баары аркылуу өтөбүз.

Демек бул жетимиш жети жарым күн жана ал приоритеттерди белгилөөдө, адамдарын кызматка дайындоодо, дайындоолорду кандай ыраатта жүргүзөрү, тигил же бул кызматка туура адамдарды кантип таба алары, бул күндөрү кандай иш-чараларга тартылары, албетте, анан ант берүү күнү сүйлөөчү маанилүү сөзү боюнча суроолор.

Булардан башка, майдараак, бирок кабыл алынуусу зарыл чечимдер да бар. Маселен президент Ак үйдүн Сүйрү кабинетиндеги жумушчу столу кандай болушун каалайт? Буга чейин президенттер отурган столдордун төрт түрү болгон. Жаңы президент алардын бирин тандай алат, же өзүнүкүн алып келе алат. Адатта жаңы президентке мурдагы президенттердин кимисинин сүрөтүн дубалга илүүнү кааларын да чечүүгө туура келет. Себеби адамдар мындан да бир нерсени аңдап-билишет. Андыктан ушул жана башка нерселер менин чакан китебимде биринен соң, экинчиси талкууланат.

Азаттык: - Шайланган президент өткөөл учурда туш болуучу негизги көйгөйлөр кайсылар?

Стефан Хесс: - Албетте жетишпеген жагы - убакыттын кыскалыгы. Эстеп койуңуз, бул жаңы премьер-министр бийликти өткөрүп алып жатканда, көмүскө өкмөтү бар парламенттик система эмес. Анда министрлердин баары күн мурунтан даяр болуп калат. Биздин өкмөт болсо парламенттен келбейт. Бул Кошмо Штаттардын президенти 300 миллион адамдын арасынан кимди болсо да министрликтерин башкарууга тандай алат дегенди туюндурат. Андыктан тандоо мүмкүнчүлүгү кеңири, бирок ар бир тандоодо текшерүү да терең болуусу керек. Сиз ал адам жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк билишиңиз абзел. Адатта дээрлик баардык учурда эле АКШ Сенатынан бекитүүдөн өтөөр алдында кеминде бир талапкер менен кыйынчылыктар болот.

"Азаттык": - Шайланган президент кабыл алууга тийиш чечимдердин эң маанилүүлөрү кайсылар?

Стефан Хесс: - Ал биринчи кезекте кабыл алууну талап кылган чечим - приориттерди аныктоо. Президенттик өнөктүк жүргүзгөн киши өтө эле көп убадаларды берет. Ал ошол убадаларынын баарын орундай аларына үмүттөнүүсү керек, бирок баарын бир убакта аткара албайт. Кай бирлери башкасына караганда маанилүү. Андыктан баарын сыгып, жыйынтыктап, маанилүүсүн табуу - өтө олуттуу нерсе. Эгер ал тез баштаса, биз эмнеге токтолгонун билебиз. Балким бул – ал ( шайланган президент) адеп башында туш келүүчү негизги көйгөй.

"Азаттык": - Сиз айтылуу Дуайт Эйзенхауэрдин доорунан бери президенттик кызматты өткөрүү иштерине аралашып жүрөсүз. Эстей аласызбы, президенттердин кимиси бийликти ың-жыңсыз өткөрүп алды, кимиси буга жетише албады?

Стефан Хесс: -Эң мыктылардын бири 1980-жылы Рональд Рейган болгон. Бул бир эсе ал эки мөөнөт - сегиз жыл Калифорниянын губернатору болгонуна байланыштуу. Чынында Калифорния АКШдагы тармактардын баары кичинерээк мерчемде бар жалгыз штат. Калкы арбын, улуттук курамы, айыл-чарбасы, өнөр-жайы ар башка. Анын тушунда штаттын мыйзам чыгаруу бийлиги оппозициядагы партиянын колунда эле. Рейган сегиз жыл бою кандайдыр бир мааниде кичинекей Вашингтондо иштегендей эле болгон. Бул тажрыйба ага абдан жардам берди.

Ал эми эң начары Билл Клинтон болду. Ал дагы узак убакыт губернатор болгон, бирок абдан эле кичинекей, бир партиялуу штатта. Ал үчүн Арканзаста иштеген нерселер, Вашингтондо ойдогудай кете алган жок, андан дээрлик сабак да алынбады. Ушундан улам ал бийликти өткөрүп алуу жараяны учурунда одоно каталарга жол берди. Бул өз кезегинде ал эки жылдан кийин эле Конгрессте көзөмөлдү жоготуусуна алып келди.

"Азаттык": - Бийликтин азыр Барак Обама менен Жорж Буштун ортосунда өткөрүлүшүнүн сиз буга чейин катышкандардан кандай айрымасы бар. Буштун эл арасындагы бедели болуп көрбөгөндөй төмөн, Обаманыкы болсо саясатчы үчүн адаттан тыш жогору. Буга да кошумча АКШ 1930-жылдардагы Улуу депрессиядан берки оор экономикалык кырдаалды баштан кечирүүдө.

Стефан Хесс: - Менимче, чынында эле муну алардын экөөсү тең жакшы жасап жатышат. Буш президентке (Обамага) колдон келишинче жардам көргөзүүгө даяр экенин ачыктады. Менимче ал муну өзүнөн мурдагы президенттерден бир топко жакшы жасады. Обама да биринчи маалымат жыйынында эле жана башка жерлерде да бийлик бөлүшүү боюнча кандайдыр бир макулдашууларга барбасын ачыктады. Бул Конституцияда каралган эмес. Бизде бир учурда бир эле президент бар. Демек, менимче алардын экөөсү тең өзүлөрүнүн ролун жана түшүнүшөт жана бул ийгиликтүү иштелип чыккан.

"Азаттык": - Бийликти өткөрүү дайыма эле тынчтык жол же өз тартиби менен ишке аша бербеген өлкөлөрдөгү биздин угармандар үчүн айта кетсеңиз. Өткөөл мезгил учурунда тышкы же ички саясатта реалдуу кризис чыкса, Буш Обама менен акылдашабы?

Стефан Хесс: - Мен гипотетикалык кырдаал жөнүндө айта албайм, себеби алар андай шартта кандайча алектенерин билбейм. Бирок мисалды айта кетейин. Улуу Буш президент кезинде Сомалиге америкалык аскерлерди гуманитардык миссия менен жибергидей кырдаал болгон. Ал өз чечими менен шайланган президент Клионтонду кабардар кылган кылган. Клинтон колдоо көргөзгөн. Азыр карасак бул жаңылыштык болду. Анткени жакшы иштелип чыккан эмес. Клинтон мындан жапа чекти. Акыр аягында шерменде болгон кырдаалдан кийин амрикалык аскерлерди ал жактан алып кетүү Клинтондун үлүшүнө туура келди. Бирок, ооба, бул жерде консультация болгону чын.

"Азаттык": - Клинтон демекчи, ал Ак үйдөн кетип жатканда талаштуу шайлоонун аракасында республикачыл Жорж Буш демократ Ал Горду жеңип алганына ыза болгон кызматкерлери компьютерлерден "W" арибин алып салышканы айтылган. Азыр кетип жаткан администрация ушул өңдүү тамашаларды көргөзбөйбү?

Стефан Хесс: - Биз мындайга учурабайбыз. Буга Жорж Буштун адамдары ишендиришти. Эстеп коюуңуз, ал шайлоо адаттан тыш эле. Жыйынтыгы декабрдын ортосунда, Жогорку соттун отуруму өткөнгө чейин аныкталган эмес. Азыр эки тараптан тең, алар оппозициядагы партиялар экенине карабай, адаттан тыш душманчылыктын белгиси байкалбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG