Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Бишкекте Элдик курултай өткөрүүгө имарат берилбей жатат


Бийликтин ар кандай шылтоо менен имарат бербей жатышында саясий негиз жатат. Мындай пикирин “Азаттыкка” “Акыйкат үчүн”кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов билдирди. Саясатчы имарат маселесинин чечилбей жатышын оппозицияга бут тосуу катары баалайт. “Эгерде имарат маселесин чечүүдө бийлик тоскоолдук кылса, өзүнүн жүзүн дагы бир жолу көрсөтөт. Кандай болгон күндө да курултай сөзсүз түрдө өтөт”, дейт А.Жекшенкулов. Ал ошондой эле жер-жерлерде элдин бийликке нааразылыгы күчөп жатканын билдирди. “Буга чейин эл ар кандай саясий күчтөрдүн убадаларына алданып келгендиктен, элдин колдоосу активдүү эмес, пассивдүү болуп жатат. Бирок жер-жерлерде, өзгөчө жаштар арасында, чет жакта жүргөн мигранттардын арасында бийликке наарызылык күчөп жатат”, - деди А.Жекшенкулов. (MSu)

XS
SM
MD
LG