Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Президент түшкөн учак Ошко конду


Германияда дарыланып жүргөн президент Курманбек Бакиев кечээ кечинде Кыргызстанга кайтып келди. Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ”Манас” эларалык аэропортунда коюу туман болгондугуна байланыштуу мамлекет башчы түшкөн учак Ош шаарынын аэропортуна конду. Аны Ош облусунун губернатору жана шаар башчысы тосуп алышты. Маалыматтарга караганда, мамлекет башчы Бишкекке бүгүн келиши күтүлүүдө. Президент Бакиев саламаттыгын Германиянын ооруканаларында чыңдоо үчүн эмгек өргүүсүнө 20-октябрда кеткен. Буга чейин президенттин администрация жетекчиси Медет Садыркулов дарылоо курсу ийгиликтүү өткөнүн кабарлаган эле. Президент Германияда жүргөн маалда электр кубаты маал-маалы менен даректүү өчүрүүгө өттү. Ал эми өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков 2009-жылдын февраль айында Кыргызстанда энергетика кризиси күтүлүп жатканын билдирген. Ал аралыкта Элдик революциялык кыймыл Таласта элдик жыйын өткөрүп, бийликти алмаштыруу талабы элдин колдоосуна алынганын кабаралашууда. (MSu)

XS
SM
MD
LG