Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Коомдук фонд лидерине каршы арыз сотто каралат


Бүгүн райондук милиция башчысынын коомдук фонд лидерине каршы арызы сотто каралып баштайт. Иш райондор аралык сотунда каралмакчы. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Медетбек Маметов сотко “жалган жалаа жапты” деген негиз менен “Сергий Радонежский жана Айкөл Манас” корунун президенти Игорь Трофимовду сотко берген. Маметовдун негиздешинче, И.Трофимов “Зергер” базарында анын беделине шек келтирген мазмундагы баракчаларды тараткан. Анда тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринен жабыркагандарды фондго кайрылуу чакырыгы айтылып, жарандардын укуктарына доо кетиргендердин тизмесинде Маметовдун ысымы келтирилген. (MSu)

XS
SM
MD
LG