Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламент спикерлери чогулат


21-22-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында боло турган түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттеринин төрагаларынын жыйынына Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев башында турган делегация да катышат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламент төрагаларынын бул алгачкы жыйыны болуп калмакчы. Делегациялар алдында Түркия президенти Абдулла Гүлдүн чыгып сүйлөөрү белгиленүүдө. Жыйын соңунда төрагалар Бирдиктүү Декларация кабыл алары күтүлүүдө.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG