Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:55

Р.Аттокуров: Орусияда кыргызстандык мигранттар ишсиз калууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк каржы кризисинен улам Москвада бир топ ишканалар ишмердүүлүгүн токтотуп коюшкан. Мунун айынан кыргыз мигранттары ишсиз калууда. Мисалы Орусиядагы түркиялык чоң компанияга эки миңдей кыргыз жараны ишке жиберилген болсо, алардын төрт жүздөйү иштен бошотулду. Кыргыздардын көбү курулуш жаатында эмгектенет, ал эми каржы кризисинин эпкини дал ушул тармакка эң чон таасир тийгизүүдө. Мисалы өткөн жумада эле курулуш компаниялары 400гө чукул мекендештерди иштен кыскартты. Р.Аттокуровдун айтымында, элчилик кызматкерлери курулуш ишканаларынын жетекчилиги менен жолугушуп, кыргыз жарандарын бир бошотпостон, кыскартууну эки-үч ай ичинде жүргүзүү тууралуу сүйлөшүп жатат. (AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG