Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Бишкекте республикалык педагогикалык окуулар өтүп жатат


№ 5 улуттук гимназияда бүгүн башталган педагогикалык окуулар бул сапар жаңы социалдык-экономикалык шарттарда мектеп окуучуларын рухий-адептик жактан тарбиялоонун мазмунун жана усулдарын жаңылоонун жолдоруна арналды. Пленардык кеңешмеде Кыргыз Билим берүү академиясынын президенти А Мамытов “Улуттук курикулум- мектепте окутуунун предметтик курикулумун иштеп чыгуунун негизи”, КББАнын вице-президенти С. Байгазиев “Азыркы шарттардагы таалим-тарбиянын максаты-мазмуну жана технологиясы”, КББАнын табигый предметтер лабораториясынын башчысы А. Абдиев “табигый-математикалык предметтердин окуучуларга таалим-тарбия берүү мүмкүнчүлүгү” деген темадагы баяндамаларды жасашты. Секциялык иштердин жүрүшүндө азыркы социалдык-маданий жаңы кырдаалдагы рухий-адептик тарбиянын илимий-теориялык, педагогикалык-психологиялык жана социалдык проблемалары, окуучулардын рухий-адептик маданиятын калыптандыруу, үй-бүлөнүн, бала-бакчанын жана мектептин кызматташтыгын чыңдоо маселелери талкууга алынууда. (KCh)

XS
SM
MD
LG