Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

Ленин райондук соту 8 күбөнү сурады


Мамлекеттик курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку башчысы Ишенбай Кадырбековдун соттук иши бүгүн улантылып, анда сегиз күбө суралды.Андан кийин соттук териштирүүну улантуу 24-ноябрга которулду. Маалыматка караганда, жалпысынан 50гө чукул күбө көрсөтмө бериш керек. Ленин райондук соту Кадырбековго байланыштуу ишти өткөн жумадан бери карай баштаган. Ишенбай Кадырбеков кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталып, май айында камакка алынган. Оппозициялык саясатчылар бул иште саясий себеп бар экенин билдирсе, бийлик өкүлдөрү аны четке кагып келатат. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG