Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:15

1954-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 20-ноябрды Балдардын дүйнөлүк күнү катары белгилөөнү сунуштаган.

Цивилизация өнүгүп, технология жакшырып, жыл сайын эмес, күн сайын илимдин бардык тармактарындагы ачылыштарга күбө болуудабыз. Бирок ошол эле учурда дүйнөдө кароосуз калган, согуштун от-жалынында балалыгын өткөрүп жаткан, тойо тамак ичпей, мээримге муктаж болгон балдардын саны азайган жок.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, жыл сайын 11 миллион бала 5 жашка толбой жатып көз жумса, дагы он миллиондогон бала майып, же акыл-эси кем өсүүдө.

Балдар укугун коргоочулардын айтымында, өз убагында жардам көрсөтүлгөндө миллиондогон баланын өмүрүн сактап калууга болот. Дагы миңдеген балдар жакырчылыктын, басмырлоонун, согуштун жана зордук-зомбулуктун курмандыктары болуп жатканын айтып, укук коргоочулар коңгуроо кагышууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду, же ЮНИСЕФ дүйнөдөгү балдардын саламаттыгы үчүн, алардын укугун коргоо багытында кеңири иш алып барып келет: уюм кош бойлуу аялдарга көз жарганга чейин медициналык көзөмөлдү камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алып, балдардын саламаттыгына кылдат көз салат.

Мындан сырткары дүйнөнүн 157 өлкөсүндө иш алып барган бул уюм СПИДге чалдыккан аял жана балдардын жашоо шартын көзөмөлдөп турат.

Куралдуу жаңжалдар маалында биринчи кезекте балдар жабыркары талашсыз. Статистикалык маалыматтарга караганда, дүйнө боюнча ушул тапта 33 согушка 300 миңдей улан-кыз катышып жатат.

2000-жылы дүйнө лидерлери “Миң жылдыктын коркунучтары” аттуу программанын жалпы максаттарын талкуулашкан. Анда 2015-жылга чейин жакырчылык жана ВИЧ/СПИДдин жайылышы менен күрөшүү, билим берүү өңдүү негизги багыттар белгиленген. ЮНИСЕФтин айтымында, программадагы 8 багыттын алтоо түздөн-түз балдарга тийешелүү.
XS
SM
MD
LG