Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

МАГАТЭ Сириядагы объект өзөктүк реактор болушу ыктымал деп эсептейт


БУУнун Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттигинин билдиргенине караганда, Сириянын былтыр Израил бомбалаган объектиси кээ бир белгилери боюнча өзөктүк реакторго окшошуп турат. Ал жерден алынган кыртыштын үлгүлөрүнөн урандын көп сандагы бөлүкчөлөрү табылган. Ошол эле учурда МАГАТЭ ал объект өзөктүк иштерге байланышпаган максатта колдонулушу мүмкүн экенин да жокко чыгарбайт. Бул үчүн кошумча иликтөөлөр жана Сириянын кызматташуусу керектигин белгиледи.

МАГАТЭнин ушундай маалыматтар камтылган отчетту келерки аптадагы жыйынды утурлай уюмдун 35 өлкөдөн турган Директорлор кеңешине жөнөтүлдү.

Былтыр октябрда Израилдин аскерий учактары талкалаган сириялык бул жай ал-Кабир деген шаарчанын жанында жайгашкан болчу. Сирия тараптын ырастоосунда ал жай кадимки эле аскерий имарат болгон. Ал эми ошол жерден табылган урандын издери Израил таштаган ок-дарынын курамынан чыккан болушу керек.

XS
SM
MD
LG