Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

20-ноябрда Россиянын бийликтеги партиясы – “Бирдиктүү Россия” 10-конгрессин баштады. Аны ачып жатып, президент Дмитрий Медведев жана премьер-министр Владимир Путин глобалдуу финансылык кризиске карабай, өкмөт социалдык тармактагы милдеттенмелерин атакарат деп ишендиришти.

Владимир Путин: “Мунай же башка салттуу экспорттук товарларыбыздын дүйнөлүк баасы кандай болбосун, буга чейин топтолгон резервдер Россиянын бюджеттик системасынын туруктуулугун камсыздоого кудуреттүү. Бул – мамлекеттик кызматкерлердин маяналары, пенсиялар, социалдык төлөмдөр убагында төлөнүп турат дегенге жатат. Социалдык кепилдиктер кадимкидей иштей берет. Биз бюджеттеги проблемаларды элдин эсебинен чечүүнү көздөбөйбүз”.

Медведев да, Путин да президенттин 5-ноябрь күнкү кайрылуусунда белгиленген саясий реформалардын зарылдыгын кайталашты. Андай реформалар президенттин кызмат мөөнөтүн 6 жылга жана Дума депутаттарынын мандатын 5 жылга чейин узартууну, Федерация кеңешин реформалоону караштырат. Мындан ары регионалдык мыйзам чыгаруу органдарында көпчүлүктү түзгөн саясий партияларга губернаторлорду дайындоо, өкмөттүн Думада отчет берип турушу сунуш кылынган.

Мындай реформалардын бардыгы жүзөгө ашырылса, Думада жана регионалдык мыйзам чыгаруу органдарында көпчүлүккө ээ болгон “Бирдиктүү Россия” партиясынын турумдары бекемдемекчи.

Президенттин сунуштарын аткаруу жаңыдан гана башталып келатса да, Путин партиянын узак мөөнөттүү пландарын ишке ашыруу үчүн “керектүү саясий шарт түзүлгөнүн” жар салды.

Путиндин сөзүнүн өзөгүн экономиканы өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттер жана калкты финансылык кризистен коргоо чаралары түздү. Премьер өкмөт социалдык чөйрөдөгү милдеттенмелерин аткарууга, аларды кеңейтүүгө, улуттук долбоорлорду улантууга, ошол эле маалда дүйнөлүк экономикалык төмөндөөгө байланышкан маселелерди чечүүгө кудуреттүү болот деген ишенимин ортого салды.

Адаттагыдай эле, партиянын жыйынында биримдик жана стабилдүүлдүк баса белгиленди:

- Өткөн жылдары орун алган проблемалардын, финансылык кыйроолордун биздин өлкөдө кайталанбашы үчүн бар аракетибизди жумшайбыз. Жарандардын банктагы акчаларын сактоо, тапкан жыйнаганын турак жай курууга жумшаган элдердин кызыкчылыктарын коргоо, 1991-, 1998-жылдагыдай экономикалык шокту алдын-алуу үчүн болгон аракетибизди көрөбүз.

Айрым талдоочулар Медведевдин саясий реформалар жөнүндөгү сунушуна бийликтеги элитанын элдик толкундоолордон чочулоосу түрткү берди дешет. Финансылык кризисти коштогон инфляция, жумушсуздук элдин нааразы кылышы ажеп эмес.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG