Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:43

Чеченстандын борбору Грозныйда 90-жылдардагы эки согуштун изин кетирүүгө багытталган курулуш иштери күчөгөнүнө карабай, Орусия ал согуштун башкы мурастарын жоюу жаатында жетиштүү чара көрө элек. Маселен уруш учурунда өлгөндөрдүн ким экендигин аныктоо боюнча системалуу иш азырынча жүргүзүлбөй жатат. Ушул айда эле Москва Чеченстанга соттук–медициналык экспертиза жүргүзүүчү лабораторияны берүүдөн дагы бир ирээт баш тартты.

Адам укугун коргоочу уюмдардын эсебинде, Чеченстандагы эки согуштан жоголгондордун саны кеминде беш миңдей. Бирок алардын чыныгы саны мындан да көп болушу мүмкүн.

Жергиликтүү жашоочулардын бири Хожа Яхаев согушта улуу агасы Хасинди жоготкон. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, бир тууганы жоголгондон үч айдан кийин аны орус аскерлери башка бир канча чечен менен кошо от бүркүгүчтөрдү колдонуу менен өлтүргөнүн аныктаган. Хожа бир тууганын сөөгүн тишинен таанып, башка белгисиз адамдар менен чогуу көмгөн.

Хожа Яхаевдин айтымында, ал ондогон белгисиз кишилердин сөөгүн кийин да көп эле жашырды. Канча жана кандай сөөктү көмгөнүн эсептеп, сүрөткө тартып, алардын кийимдерин чогултуп, сактап жүрөт. Хожа акыр бир күнү Чеченстанда соттук-медициналык лаборатория орнотулуп, дайынсыз жоголгондордун сөөктөрү аныкталып, туугандарына кайтарылып берилет деген үмүттө:

- Эгер биздин кыштакта эле жерге берилгендер ким экендигин аныктоого мүмкүнчүлүк болсо, эгер ушул аныктоо ишин жүргүзө ала турган адис болсо, менимче, карапайым чечендердин көбү ошол лабораторияны курууга жардам кылуу, бир эмес кош бир тууганын жоготуп, алардын сөөгүн табууга үмүттөнүп жүргөндөрдүн жанын жай алдыруу үчүн өзүнүн бир айлык маянасын чын дили менен бермек. Мен өзүм бир ай эмгек акысыз иштөөгө даярмын. Бул үчүн бүткүл тапкан -ташыганын берүүгө даяр адамдарды да билем. Мындан лаборатория Чеченстан үчүн абдан керек.

Хожа сыяктуу тууганынан айрылган миңдеген адамдар чечен өкмөтүнүн ошондой лабораторияны куруу аракеттерине да үмүт артат. Республиканын Кремль колдогон лидери Рамзан Кадыров жакындарын жоготкондордун үй-бүлөлөрүнө жок дегенде алардын сөөгүн табууну өзү да убада кылган.

Анткен менен мындай үмүттөргө Орусиянын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги ушул айда кайрадан суу сепкендей болду. Долбоор өтө эле кымбат деген жүйөө менен Чеченстандын өтүнүчүн четке какты.

Буга байланыштуу Чеченстандын Акыйкатчысы Нудри Нурхажиев министрликке нааразылык катын жолдоду. Анда "уурдалып же жоголуп кеткен адамдардын кайда экенин аныктоо республиканын жарандары тарабынан гана эмес, Орусияны буга каалоосу жок экендиги үчүн айыптаган эл аралык уюмдар тарабынан да такай көтөрүлүп келүүдө",-деп белгиленет.

Адам укугун коргоочу эл аралык топтор менен Европа кеңеши өңдүү уюмдар да Орусияны бул ишти тездетүүгө бир нече ирээт чакырып, өз колдоосун убада кылган. Чеченстандын соттук медицина боюнча башкы эксперти Масуд Чумаков федералдык өкмөттүн каршылыгы бир эсе акчага байланыштуу экенин айтат:

-Алар лабораторияны Москвада курууну көздөшүүдө, себеби көп акча сарпталат. Батыш бул маселени алга түртүүгө аракеттенип келүүдө. Москванын айтымында, адистер жок болгондуктан, Чеченстанда лабораториянын да зарылдыгы жок. Мен 2005 –жылы Страсбургка барган кезимде мындай лабораториянын Чеченстандын сыртында орнотуунун кажети жоктугун, 15-16 жыл мурда көмүлгөн сөөктөр Москвага ташылганда таанууга жараксыз болуп каларын айткам. Менин айткандарымды туура көрүшкөн, Орусиянын Rоргоо министрлигинин эксперти да лаборатория Чеченстанда орнотулуш керектигине макул болгон. Эми кайрадан кереги жок, кымбат деп жатышат. Кыскасын айтканда, алар Москвада курууну каалашууда.

Анткен менен башка байкоочулардын көз карашында, сөөктөрдү таануу ишин системалуу жүргүзүү Москванын дарегине орус аскерлеринин Чеченстандагы иштери боюнча жагымсыз суроолорду жаратышы мүмкүн.

Согушту баштан кечирген айрым өлкөлөрдөн айрымаланып, Орусияда азырынча аскерий кылмыштар тергеле элек.

Айтор сөөктөрдү аныктоо көйгөйүнүн олуттуулугу курулуш күчөгөн Грозныйда куруучулар адамдардын тобу менен көмүлгөн жайларга кабылып жатканынан улам да артууда.

Быйыл жайда эле 1100 адамдын сөөгү чогуу көмүлгөн жай табылды. Укук коргоочулардын айтымында, Чеченстанда боюнча талааларда, короо-жайларда, жер төлөлөрдө белгилүү, бирок ачыла элек көрүстөндөр ондоп саналат.

Орусия болсо азырынча аракеттин көбүн чечен башкааласынын сырткы келбети тынчтыктын жана туруктуулуктун символу катары көрүнүшү үчүн бурууда. Быйыл эле Грозныйда оң миң адам сыярлык жана Орусиядагы эң чоң мечит ачылды.

Байкоочулардын баамында калыбына келтирүү иштеринин тез ыргагын токтотпоо үчүн курулуш сөөктөрү таанылбагандар жаткан көрүстөндөрдүн айланасында, кээде үстүндө деле жүрүүдө. Айрым учурларда курулушчулар табылган сөөктөрдү башка жерге тынч гана кайра жашырып коюп жатышат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG