Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Испанияда тарыхый операция жасалды


Испаниялык дарыгерлер тобу тарыхый операцияны жасашты: доктурлар аялдын бузулган кекиртегин өзүнүн сөңгөк клеткаларынан өстүрүлгөн органга алмаштырышты. Муну менен дарыгерлер ооруулуу аялдын иммундук системасын жаңы органды өзүнүкү катары кабыл алууга мажбурлашкан. Адистердин айтымында, бул жаңы техника өз органын алмаштырууга мажбур болгон ооруулууларда үмүт отун жандырды.

Өзүнүн сөңгөк клеткасынан өстүрүлгөн кекиртек органы 30 жаштагы колумбиялык аялга жамаштырылды. Эл аралык дарыгерлер тобу жамаштыруу операциясын июнь айында Барселонада ишке ашырышты. Бирок бул тууралуу 19-ноябрда гана белгилүү болду, себеби мынча убакыт бою дарыгерлер операциянын жыйынтыгын күтүшкөн эле.

Органды жамаштыруу боюнча өткөрүлгөн операцияны Барселонадагы оорукананын көкүрөк хирургия клиникасынын башкы дарыгери Паоло Мачиарини жетектеди. Доктор операция тууралуу буларды айтат:

- Менимче, бул операция – медицина тарыхындагы чоң жетишкендик жана айрыкча ооруулар үчүн чоң ийгилик. Себеби ооруулуу жаш аял өзүнүн энелик милдетин жана үйдөгү иштерин аткара албай, ишке чыга албай калган. Адатта ооруулуунун органдарын жамаштыргандан айыкканга чейин көп убакыт өтмөк. Бул окуяда жасалма органдын жашап кеткени жетишкендик болду.


Тарыхый операция эки баланын энеси Клаудиа Кастиллого жасалды. Кастилло айымдын өпкөсү кургак учуктан улам жабыркап, ал майып болуп калган.

Рейтер маалымат агенттигинин кабарлоосуна ылайык, бейтаптын чучугунан сөңгөк клеткаларын алып, кемирчек уячасында өстүрүлгөн. Андан соң дарыгерлер бул уячаларды донордун органына жамашкан. Италияда жаңыдан колдонула баштаган бул ыкма бейтаптын иммундук системасын “алдай” алат, себеби оорулуунун иммундук системасы донордун органын көпчүлүк учурда кабыл албай коет.

Дарыгерлер тобунун мүчөсү, Британиядагы Бристол университетинин профессору Энтони Холландер (Anthony Hollander) буларды айтат:

- Биз сөңгөк клеткасына көчүрүүнү жана тканды өстүрүүнү клиникалык шартта ишке ашырдык. Биз алдыбызга койгон максатыбызга жеттик.

Доктор Мачиарини бул техниканын жөнөкөйлүгүн баса белгилейт:

- Биз бүгүн көрсөткөн ыкма абдан чоң мааниге ээ. Себеби биз эми бейтаптарга коопсуз жамаштыруу операциясын сунуш кыла алабыз. Анткени бул - өтө жөнөкөй техника. Силер эми иммундук система органды кабыл албай коет деп кооптонуп, дары-дармек ичпейсиздер. Андыктан, бул көптөгөн кошумча ооруларды алдын-алууга шарт түзөт.

Адистер бул операция адамдын башка органдарын дагы ушундай жол менен жамаштырууга болот деп үмүттөнүшөт.

Медицинанын тарыхында олуттуу ийгилик катары сыпатталган бул операцияны биринчи болуп башынан өткөргөн Кастилло айым өзүн жакшы сезип жатканын айтты:

- Мен өзүмдүн биротоло айыгып чыгып, иштеп, балдарым менен бирге болууну каалаган элем. Албетте мен абдан корктум, бирок акыр аягында бардыгы жакшы болоорун билгем.
XS
SM
MD
LG