“ЭрК” партиясынын лидери Т. Бакир уулу жана “Жоомарт” кыймылынын төрагасы Нурлан Мотуев учурда Түштүк регионун кыдырышып, жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.Турсунбай Бакир уулунун айтымында, нааразылык иш-чаралары 16-декбарда Нарын областынан башталат. Ал эми 17-декбарда Ысык-Көл облусунда, эртеси күнү Таласта, андан соң Ош шаарында жана 21-декбарда Кызы-Кыя шаарында өтмөкчү. Т.Бакир уулу 16-декабрда республика боюнча өтө турган бул иш-чарада өлкөнүн социалдык жана экономикалык үңкүргө түшүшүнө, адам укуктарынын басмырланышына, коррупциянын тамыр жайышына “ЖОК!” деп айтууга элди чакырууда. (MSu)