Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

ИИМ буйрутма өлтүрүлгөндөр иши боюнча маалымат берет


Ички иштер министрлиги киши колдуу болгондордун өлүмүн иликтеп-ачуу боюнча жүргүзүп жаткан иш-аракеттери тууралуу бүгүн айтып бермекчи. Кечээ бир катар укук коргоочулар ИИМдин имаратынын алдына нааразылык акцияга чыгып, өлкөдө дайынсыз жоголгондор табылбай, киши колдуу болгондордун себеби ачылбай жатканына милицияларды айыптаган болчу. Учурда Үсөн Кудайбергенов, Раатбек Санатбаев, Жыргалбек Сурабалдиев, Рыспек Акматбаев, милициянын полковниктери Уран Алиев менен Анвар Алиев жана журналист Алишер Саиповдун өлүмүнүн себептери ачылбай, кылмышкерлер кармала элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG