Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:19

Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли көтөрүлбөй жатат


Энергетика жана отун ресурстар министрлиги тараткан маалыматка караганда, 19-ноябрда суунун көлөмү 9 миллиард 138 миллион куб метрди түздү. Ал эми пайдаланылган электр энергиясынын көлөмү 538 миллион 843 миң киловатт саатты түзүп, белгиленген чектен 56 миллион 186 миң киловатт саат ашты. Ушул тапта ТОктогул суу сактачына куюлуп жаткан суунун көлөмү секундасына 156 куб метрди, агып чыккан суунуку болсо 377 кубметр болуп жатат. Былтыр ушул маалда суу сактагычта 12 миллиард 801 миллион кубметр суу бар болчу.Мындай маалымат аталган министрликтен алынды.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG