Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Н. Мотуев: акаевчылар турганда бийликтин иши оңолбойт


“Азаттыктын” таңкы уктурууларында маекке чыккан Кыргызстан мусулмандар союзунун тең төрагасы Нурлан Мотуев президент К. Бакиев акаевчыларды кетирип, чыныгы революционерлерди алмайынча эч качан иши оңолбойт деп билдирди.

-Сиз “ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу экөөңүздөр Баткен, Ош облустарында эл менен жолугушууларды өткөрүп жүрүпсүздөр, элдин абалы, жашоо шарты кандай экен, азыркы бийликке ишеними бар бекен?

- Элдин абалы, жашоо шарты абдан оор, албетте. Мисалы, Кызыл-Кыяда көмүрдүн тоннасы 7 жарым миң сом экен. Ноокатта, Кара-Сууда дагы ошондой экен. Азыр электр жарыгы өчүп атат, түндө саат он экиде өчтү, азыр алтыда күйдү. Мына азыр эшикке чыгып эл менен жолукканы баратабыз. Социалдык көйгөйлөр көп. Бийликке эл нааразы.

-Силер эл менен жолуккан учурларда жергиликтүү бийлик тарабынан бут тосуулар болгон жокпу, жарыкты өчүрүп, имарат бербей дегендей?

- Бут тосуулар болуп атат албетте, жарык өчүп атат, имарат бербей атат. Бирок ошого карабастан кечээ кечинде жетиден онго чейин бир имаратта 700 киши чогулган жыйын болду. Үч облустан - Баткен, Ош, Жалал-Абаттан атайын делегаттар келди, ошолор менен чогулуш өткөрдүк.

- Нурлан мырза, 2005-жылдагы 24-март ыңкылабынын идеялары ишке аштыбы. Курманбек Бакиев элге берген убадаларынын канчасын аткарды?

- Идеяларынын көбү ишке ашпай калды. Курманбек Салиевич жанындагы акаевчилерди кетирип, чыныгы революционерлерди алыш керек болчу, кичине бекемирээк болсо болмок. Элдин нааразылыгы эмнеде? 18 жылдан бери Кыргызстанды туңгуюкка кептелткен, караңгылыкка төңкөргөн, баарын кымбаттатып, баарын сатып жиберген, жерди четинен сатып, Каркыраны казактарга, түштүктүн көп жерлерин тажик, өзбектерге берип жиберген акаевщина бийлиги кетмейинче иш оңолбосуна элдин көзү жетип калыптыр. Бул жактан деле баары нааразы азыркы бийликке.

-Нурлан мырза, сиз мусулмандар союзунун төрагасы экенсиз, бул союз качан түзүлдү эле, анын максаты эмнеде?

- Кыргызстан мусулмандар союзунун түзүлгөнүнө бир айга чукулдап калды. Коңшу Казакстан, Орусияда, бардык жерде мусулмандар союзу бар экен, бир гана Кыргызстанда жок экен. Биз жагдайды оңдош үчүн “ЭрК” партиясынын төрагасы Турсунбай Бакир уулу мырза экөөбүз ушундай чечимге келип токтолдук. Анткени муфтият башкарган мусулман жамааты таптакыр эле башындагы муфтийлер, имамдар, казылар бийлик менен иштешип кетти. “Хизб-ут-тахрирлер” болсо радикалдык экстремисттик агым, түптүз эле халифат курабыз деп элди чочутуп алышты. Ошондуктан биз орто деңгээлдеги, орусча айтканда умеренный мусулмандардын башын бириктирип, партия, же союз түзсөкпү, партия түзсөк каттоодон өтпөй калабызбы деп, анан кошуунду түздүк. Кыргызстан мусулмандар кошууну, союзу, же жамааты дейсиздерби.

-Мыйзамга ылайык дин мамлекеттин ишине кийлигишпесин деп дин мамлекеттен бөлүнгөн да, ал эми ислам динин саясатка аралаштыруунун кажети бар беле?

- Дин мамлекеттен бөлүнгөн дегени менен, калктын 85-90 пайызы мусулман экен. Айт намаздарда Бишкектин аянтын бербей, 150 миңдей адам намазга чыгып атышат, башка региондорду айтпай эле коеюн. Мына азыр түштүктү кыдырып жүрөбүз, эл абдан динчил болот экен. Бардык жерде мечиттерде эл кылкылдап толуп турат экен, бардыгы ыйман, шарияттын негизинде сүйлөшөт экен.

-Сиздин үстүңүздөн кылмыш иштин аягы эмне болду, толук акталып чыктыңызбы, же ал иш убактылуу токтотулганбы?

-Андан толук акталып чыктам. Акталып чыкканыма бир жарым жыл болду, эч чакырышпайт тергөөгө, өзүм сурасам да чакырбайт. Жапкыла дегем, жапкан болуш керек, бир жылдан бери унчукпай калышты.

-Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG