Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

US NIC: 2025-жылдагы дүйнө жана анын болжолдуу бейнеси


2025-жылы дүйнөдө таза суунун тартыштыгы күч алат
2025-жылы дүйнөдө таза суунун тартыштыгы күч алат

АКШнын Улуттук чалгындоо кеңеши кезектеги докладын жарыялады. Документте алдыдагы жыйырма жыл ичинде дүйнөдө кандай өзгөрүштөр болору божомолдонот.

Доклад “2025-жылдагы глобалдык тенденциялар: өзгөргөн дүйнө” деп аталат. Авторлор арасында америкалык көрүнүктүү саясий илимпоздор,экономисттер жана футурологдор бар.

Документте сокур тоомдоп айтылган апаздарга кайрылсак, алдыдагы жыйырма жыл ичинде АКШ экономикалык каркынын сактап калат,бирок дүйнөдөгү үстөмдүк абалдан ажырайт, анын аскери чөйрөдөгү айбары да басаңдайт. Бул тармактарда Кытай анын тизгин талашкан башкы атаандашы болот. Экономикада Индия аларга такымдап барып калат. Россия болсо 2017-жылы бешинчи экономикалык державага айланат.

Авторлор алдыдагы жыйырма жыл ичинде эл аралык мамилелердин жаңы системасы түзүлөт, дүйнө көп уюлдуу болот, либерализмге караганда мамлекеттик капитализм кеңири жайылат, батыштагы саясий жана экономикалык тарыйкалардан көрө Кытай менен Россиянын өнүгүү өнөгөсүнө өткөн өлкөлөр көбөйөт деп жоромолдошот.

Мындан тышкары докладда дүйнөдө азык-түлүк каатчылыгы,таза суунун тартыштыгы күч алат, мунун айынан ар кайсы аймактарда социалдык-экономикалык маанидеги тоз-тополоң көбөйөт, табигый ресурстар талашка түшүп,мамлекеттер ортосунда куралдуу жаңжалдар чыгат деген апаздар айтылат. Авторлор Ирандын айынан Жакынкы Чыгышта ядролук жарыша куралдануу жайылып кетиши ыктымал дешет. Ошондой эле Улуттар Уюму, Дүйнөлүк банк жана башка ушул өңдүү эл аралык уюмдардын таасири төмөндөй турганын,мунун баары айланып барып дүйнөдөгү коопсуздукка чоң коркунуч түзөрүн божомолдошот. Бул коркунучтарга алар климаттын өзгөрүшүн да кошушат.

2025-жылы Түндүк жана Түштүк Корея кошулуп,бир мамлекет болуп калышы ажеп эмес.Ал эми мунай жана газ экспорттогон өлкөлөргө авторлор бир топ кыйын ыкыбалды ыроо кылышат,анткени алар жакынкы он-он беш жылда технологияда чоң секирик жасаларына айныбай ишенишет. Натыйжада газдын жана мунайдын ордуна энергиянын жаңы булактары табылат. Мындай кырдаал айрыкча Сауд Арапстанды, Россияны жана Иранды өтө кынжылткан абалга салат. Иранда атүгүл режим алмашып кетиши мүмкүн.

Дүйнөдөгү демографиялык жагдай да өзгөрөт: жер шарында калк жылына 1,2 миллиард адамга көбөйүп отурат жана 2025-жылы жалпы эсепте 8 миллиардга жетет. Калктын саны жагынан Индия Кытайга теңелет. Ушундан улам бул эки өлкөдө “энергетикалык ачарчылыктын” азары өзгөчө катуу сезилет.

Мындай докладдарды Улуттук чалгындоо кеңеши ар төрт жылда жарыялап турат.Бул жолу ал жаңы президент Барак Обама үчүн даярдалды. Кеңештин төрагасы Томас Фингар документте айтылган апаздарды “көзү ачыктардын” кебиндей кабыл алуудан сактандырып, бу жерде жадесе “прогноз” деген термин деле анчейин жарашпай турганын эскертти.

XS
SM
MD
LG