Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Сичуандагы зилзалада 19 миңден ашуун окуучу ажал тапкан


Кытай бийликтеринин ырастоосунда, май айында Сичуан провинциясындагы жер титирөөдөн мектептердин алдында 19 миңден ашуун окуучу каза тапкан. Чөлкөмдүн жетекчилеринин бири Вей Йонг 19,065 кишинин мектептердин урашынан улам өлгөндүгү бышыкталганын айтты. Күчү дээрлик 8 баллга жеткен зилзаладан, расмий маалыматка ылайык, 90 миңдей киши өмүрүнөн ажыраган же дайынсыз жоголгон. Бирок Бээжин алардын канчасы окуучулар экенин буга чейин билдирген эмес. Айрым ата-энелер мектеп имараттары эптеп-септеп салынганын айтып, нааразы болушкан эле.

XS
SM
MD
LG