Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Элдик революциялык кыймыл жыйын курду


Элдик революциялык кыймылдын Таласта түзүлгөн Улуттук кеңеши бүгүн алгачкы жыйынын өткөрүп, анда “Акыйкат үчүн” кыймылынын 29-ноябрда боло турган курултайына 10 делегатын шайлады. Шайланган делегаттардын бири Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, алар Элдик революциялык кыймылдын Таластагы курултайында кабыл алынган президент Курманбек Бакиевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирүү чечимин “Акыйкат үчүн” кыймылынын курултайынын күн тартибине киргизүүнү сунуш кылышат. Ал эми “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов бул маселе кыймылдын саясий кеңешинин эмдиги жумада болчу жыйынында чечилээрин жана кыймылга кирбеген саясий күчтөрдүн делегаттарынын катышаар-катышпасы да караларын билдирди. (BD)

XS
SM
MD
LG