Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

Элдик революциялык кыймыл декабрда акция өткөрөт


Мындай чечим кыймылдын Улуттук кеңешинин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Улуттук кеңештин төрагасы Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” айтымында, нааразылык акциясы Бишкектин борбордук аянтында өткөрүлөт, бирок кайсы күнү болору ага бир жума калганда гана кабарланат. Жыйында андан тышкары бийлик менен соода жүргүзүп жаткан айрым саясий күчтөрдүн демилгеси менен Жогорку Кеңеш жана өкмөт таратыла турган болсо кыймыл кандай багытты ээлеши керектиги талкууланып, жалпы өлкө элине кайрылуу кабыл алынды. Анда Таластагы курултайдын чечимин колдоп, үй-бүлөлүк башкарууну жоюу үчүн элдин биригүүсү керектиги айтылат.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG