Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Быйылкы жыл кыргыздын адабий, маданий коомчулугу үчүн кара жолтой жыл болду. Кыргыз калкы кара сөздүн падышасы Чыңгыз Айтматовдон, айтылуу дирижёр Асанкан Жумакматовдон айрылып, кабыргасы кайышып турган кезде, төкмө акындардын аксакалы Ашыраалы Айталиевден да ажырап, үшкүрүгү таш жарып турган кез.

Мына, эми айтылуу Ашыкебизден кол жууган күндөн бери убакыт учкан куштай закымдап 40 күн өтүп кетти. Деги Ашыраалы деген ким эле? Ал биринчиден “Осмонкул атам тамызган, оозумда таттуу балым бар” деген ыр берметтерин нөшөрлөтө төккөн алтын жаак, жез теңдай төкмө акын, улуу шайыр Осмонкулдун бирден-бир мыкты шакирти эле.

Экинчиден, ал кыргыз, казак угармандарынын чечекейлерин чеч кыла, руханий жан дүйнөлөрүн кытыгылап, жүрөктөрүнө чок салган мукамдуу шаттык обондорун чыгарган көрүнүктүү обончу болчу.

Ашыкем азыркы уккандай обонду чыгаруу менен бирге, кылымдаган жылдар бою калк арасында катылып айтылбай, нечендеген жылдар бою угулуп келген “Карагул ботом”, “Ак мөөр”, “Мырза уул менен Аксаткындай” дастандарды алгачкылардан жумурай журтка тартуулап, өлбөс өмүр жараткан айтылуу дастанчы эле.

Болочоктогу шайыр 1926-жылы 8 - мартта Кант чөлкөмүнүн Нооруз капчыгайынын оозундагы Жайылма айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келет. 1941- жылы чоң уруштун кара туманы каптаганда Ашыраалы 7-классты бүтүрөт. Өскөн жердин, өнгөн элдин көркү, турмуштун туткасы болгон аталар, агалар кандуу согушка аттанышат.

Ашыраалыдай өспүрүмдөр белдерин бекем буушуп, жаркыраган жазда соко менен кош, жайда чөп чаап, чөмөлөшүп, күркүрөгөн күздө эгин орушуп, темин басышып, кампаларга эгин төгүшүп, кызылча кызышып, зоотко жүктөшөт. Кычыраган кышта колхоздун малын багышат.

Кыш айларында жумуш сээлдей калганда айылдаштары кезектешип жүгөрүдөн бозо салышып, бир жумада бир жолдон жоро ичишет. Ошол отурушта муңканган кусага жык толгон не бир мукамдуу түрдүү ырлар ырдалат. Бул болсо Ашыраалынын шык учугун жанышына от коюп, өзгөчө мектеп болот.

Отуруштарда жамактап ырдап бара-бара ырчы атыга баштайт. Бир жолку жолугушуда маркум Ашыкем жердеши ак таңдай төкмө акын Осмонкулга кандайча жоолуканы жөнүндө мындай деп айтып эскерген эле:

-1945-жылдын декабрь айында согуш бүтүп, эл арасы тынчып калган. Бир күнү Осмонкул аксакал баштаган Калык Акыев, Актан Тыныбеков, Жумамүдүн Шералиев, Токтонаалы Шабданбаев, Ыбырай Туманов, Актанова Ажар болгон бир бригада артисттер келишип күндүз колхоздун сарайында оюн коюп калышты. Бул оюндан кийин Алжан деген аксакалдыкында конок болуп, ырдашат экен деп айылдын кишилери ошол жерге чогулушту. Мен да ал жерге бардым,

Актан Тыныбеков укмуштай касиеттүү сөздөрүн айтып элдин баарынын боорун эзип кулдүрүп отурду. Калык Акыев, Токтонаалы Шабданбаев терме, санат ырларын, Жумамүдүн Шералиевдин угуучуларынын жүрөгүнөн түнөк тапкан ырлары ырдалды. Эң акырында кезек Осмонкулга келди. Ошондо Осмонкулдун ырдаган ырлары жамгырдай төгүлдү.

Элдин баары, мен да Осокемдин сабалата төккөн ырларына кумарланып отурабыз. Ошол кезде айлыбыздагы Аралбай деген менин таа жездем:- биздин айылыбыздан бир ырчы чыкты. Эл чогулган жерде, жоро-жолдошторунун арасында эрмек болуп ырдап жүрөт. Ал болсо бул жерде сиз менен учурашам деп отурат - деп айтып калса боло. Осмонкул мени карап, комузун сунуп калды. Ошондо ыр эмес, оозумдагы сөз ыргып кете турган абалда калдым. Отургандар болсо угабыз деп жаалап жиберишти, ошондо мен Осмонкул аксакал менен минтип учурашкан элем:


Атадай болгон агайым,
Көрсөтсөң үлгү алайын.

Кошулуп ырдап бир журүп,

Сиз барган жерге барайын.

Таланты болсо таанысын,

Онду бүткөн баланын,

Акындык максат талабым,

Туган деп көңүл сооротпой,

Туурабы, сөзүн карагын.

Сиздикине окшойбу,

Такшалса, кийин жамагым,

Кадиксиз болсо деп ойлойм,

Ыр жакка койгон кадамым,

Өзүңүз келип кеткенде,

Оңолуп ырдап каламын.

Ортосундамын чогулса,

Айылда ини-аганын.

Алынсам сиздер тарапка

Башталат кимден сабагым

Ыйыктай көрүп ардактайм.

Өнөрпоз элдин адамын,

Апкаарып жатып сүрдөнүп

Саламын бүттү жабагың.

Ырдап бүттүм эле, Осмонкул кубанып, күлүп ыраазы болуп мени карап, бир топтон кийин: - Биздин өзүбүздүн өрөөндөн ушул жерден, Нооруздун суусун ичкен элден Жаманкул, Токтонаалы Шабданбаев, Абдылда Коноков, Абды Байсалов чыкты. Дагы да биздин өрөөн кур эмес экен. “Баягы чыккан жерден чыгат” дегендей Айтаалынын уулу, анча мынча акын болуп калган турбайбы. Эми, эптеп-септеп, жемдеп, чөптөп, жакшылап багып алсак, киши болуп, эл катарына кошулуп кетет- деп, комузун кайра алып Осокемдин айтып турган жери:


Байкачы сөзүн баланын,

Ыбырай менен Актаным.

Өзүмдөн чыккан кулундун

Уктуңар саламдашканын.

Калтырабай сүрдөбөй,

Калыптап кынап айтканын,

Баамдап угуп текшердим,

Байкаган жокмун шашканын

Айтайын балам угуп тур,

Жабыштыр келсе колуңдан,

Жамактап ар бир саптарын.

Өзүңдүн эмгек кылууңдан.

Көрүнүп элге жакмагың

Салмактуу жакшы сөз уксаң,

Көңүлүңө сактагың

Элестүү ырда сүрөттөп

Элиңдин өткөн дастанын,

Унутпа ар бир өнөрпоз,

Сен баскан жолду басканын,

Бүгүнкүдөй эсимде,

Чалараак ырчы кезимде,

Калыктын алып калыбын.

Ачканмын ырдын капкагын,

Элүү сегизди жашадым,

Алымкул, Калык катарым,

Ыбырай, Карамолдонун.

Калк билет кандай атагын.

Обонун күүсүн ким танат,

Кыргыздын Молдобасанын,

Дүйнө билди Манасын,

Саякбай сындуу атанын.

Адамкалый, Актаным,

Күлдүрүп кумар жазарым,

Бир жоголсо табылбас,

Баасы жок Муса, Атайым.

Токтонаалы, Ысмайыл.

Жок болсок орун басаарым,

Ушуларга кошулуп,

Бир унаага отуруп,

Узак жол болоор басарың,

Байкадынбы көпчүлүк,

Баламдын кандай негизи.

Менимче жаман көрүнбөйт,

Бүгүнкү салам берүүсү.

Заманың учкул канаттуу

Эл журтуң жалпы сабаттуу.

Ар кимиси өзүнүн.

Кесибине таланттуу - деп, ырдап Осокем комузун жөлөп коюп, бир топко чейин ар кандай сөздөрдү сүйлөп отурду. Эртеси “Чон-Далыга” оюн койгону кетишти, Осокем мени ала кетти. Кечинде артистердин оюнун көрдүм. Оюндан кийиинки отурушта мен өзүмдүн билген ырларымды ырдап отурдум.

Осокем:- Сен ырчы болом десең филармонияга кел. Келечекте жакшы ырчы болосун. Азыр болсо жаңыдан гана комуз алып ырдап атасың, кийин сөзүңө сөз, жамагыңа жамак, ырыңа ыр кошулат. Эл жерди көрөсүң. Эгерде каалай турган болсоң биз филармонияга чакыралы, - деди. Мен ырчы болом ата-энем менен сүйлөшүп көрөйүн,- дедим. Бир күнү колхоздун кеңсесине барсам, колхоздун жетекчилери сага филормониядан чакыруу кагазы келди дешип конвертти ачып окуп беришти. Чынында эле чакыруу кагазы экен. Эртеси чакыруу кагазы менен филармонияга келсем, директору Сулайман Акенов кагазды көрүп артистикке кабыл алышты. Ошондон бери калаа аралап иштеп жүрөбүз,
- деген эле маркум Ашыкем.

Ал эми филармонияга кабыл алынган күнү концерттик залдын сахнасында ошол кездеги төкмө акындардын жашы Ысмайыл Борончиев менен кандайча саламдашканы Ашыкем мындай эскерген эле:

- Чакыруу кагазы менен филармонияга келсем Осмонкул, Алымкул, Калык, Молдобасан, Актан, Ыбырай, Карамолдо, Чалагыз, Шекербек, Асылбек жана башка кыргыздын элдик залкарлары залда отурушат. Ошондо "сен жаш акыныбыз Ысмайыл Борончиев менен саламдашып ырда" - деп, сахнага алып чыгышты, Ысмайыл экөөбүз сахнада отурабыз. Мен кандайча учурашып, эмне деп сөз айтаарымды билбей тердеп, сүрдөп турсам Ысмайыл:


Кат алдыңбы чакырык,

Кааладык иним чакырып,

Ачыка чыгып ырдагын,

Айылда жатпай жашынып,

Жүргөнүң болбойт өнөрдү

Ичине катып жашырып.

Уялчаак болбойт өнөрпоз

Учураш мага ачылып,

Оозуна кирген көп элдин.

Ордосу ушул өнөрдүн.

Шашпагың иним сүрдөбө,

Сынабайбыз күндө эле.

Кызматка кантип өтөсүң

Көрсөтпөй эле бирдеме.

Кары жашака саламдаш.

Мени менен амандаш,

Кудурет болсо сүйлөөгө - деп Ысмайыл акын дагы бир топту айтып, мени үндөп сезимди козгоду.

Ошондо кандай талпынып кандай ырдаганымды сынай турган мүнүшкөр катары көп аракет кылганы өң-түсүнөн байкалды. Мурун айылда Осмонкул аксакал менен саламдашып ырдап, жүрөгүмдү токтотуп алгам. Анда домбыра менен ырдачумун, Ысмайылга жооп иретинде мындай деп ырдадым:


Ысмайыл акын агайым,

Айттыңыз сөздүн далайын,

Эсептеп жүрөм комуз, ыр

Болот деп бакыт-таалайым.

Осмонкул атам кашында,

Учурашкам жакында,

Колумду бергем, айылдаш,

Токтонаалы акынга.

Иштеп калсам бир жерге,

Калк урматтап колун чаап,

Мага да сый кылабы.

Ошентип, Ашыкем 1946-жылдан “алтымыш жашка чыксам да, боз туйгундай талпынып, ырдашка кубатым, каруум бар”-деп, филармонияда 1998-жылга чейин иштеп, ырдап жүрдү.

Эл ырчысы маркум Эстебес Турсуналиевдин эскерүүсүнөн:

"Ашыкемдин өзүнчө үнү, жүзү бар, башка кесиптештеринен таптакыр айырмаланган ак таңдай акын. Ашыкемде кындан кылыч суургандай төкмөлүк да күчтүү өнүккөн. Ал көңүлү чаап, жүрөгү сүйгөн көрүнүштү, турмушту, окуяны, каарманды сыпаттап, даңктап, сүрөттөп, сындап төккөндө ээ жаа бербей алып учуп, төкмөлүктүн туу чокусуна жетет! Ашыкебиз ырларында омоктуу ойду, кумдай куюлушкан уйкаштыкты, ырынын ар бир сабын кыш кынагандай кынап, не бир көркөм кооз салыштыруулар менен элдик тилде угуучулар эргип уккандай чеберчиликте ырдайт. Ал өзүнүн арноо, куттуктоо, терме, санат, алым сабак ж.б. ырларын өзүнө мүнөздүү өзгөчө мукамдыкта, айрыкча сабатмалуу обондо ырдайт."

Ашыкемдин төкмөлөрдүн алпы атактуу Осмонкул баштаган Ысмайыл Борончиев, Тууганбай Абдиев, Замирбек Үсөнбаев ж.б. ак таңдай акындар менен өнөр жарышына түшөт. Тилекке каршы алардын көпчүлүгү өз учурунда кыргыз радиосунун алтын казнасына тасмага жазылбай, жыйнактарга чыкпай калган.

Эми айтылуу шайырдын “Жылкычынын ыры”, “Нарындан жазган салам кат”, “Ак шоокум”, “Оюңда кимдин гүлүсүң” аттуу жана башка ырларынын чыгышы, жазылышы жөнүндө кеп кылсак.

Калк алдында ыр берметтерин сабалата төккөн ак таңдай акын Ашыраалы Айталиев чыгармачылыгында төкмөлүк менен бирге обончулуктун, ырчы аткаруучулуктун кош издерин да ала жүргөн эле. Анын тубаса тунук лирик обончулугу - ар бир уккан жандын ички дүйнөсүн дүрбөтүп, сымаптай мөлтүлдөп төгүлгөн аваздык көркөм ыргактарга, кайрыктарга бай ырларында ажайып ачылган.

1955-жылы Айталиев элдик секетбайдын үлгүсүндө Улуу Теңир-Тоонун койнунда жашашкан жылкычы бозой менен койчуман селкинин мөлтүр махабатын, жандуу образдарын терең чагылдырган алгачкы “Жыкычынын ыры” аттуу обонун чыгарат. Автордун жай, созулмалуу, үлпүлдөгөн обондун ыргыктарында бозойдун “Жылкылар жуушап жатканда, жаныма келсең болбойбу”- деп, санаасынан чыгарбай сагынган кусалануусу, чаалыккан кезде аттарды чалдырсак, шар аккан суунун боюнда, кымыздан ичсең, - деп жайдары мүнөз селкинин ийиле аяк сунганын күткөн тилектенүүсү өткөрө аваздык мукамдуулукта, өзгөчө тунук сезимталдуулукта ырдалат.

“Жылкычынын ыры”

Ыры, обону А.Айталиевдики

Асыл тукум мингеним,

Салкын төр, жайлоо жүргөнүм,

Ээриктим жылкы четинде.

Эскерип келчи сүйгөнүм.

Жылкы оттойт чөптүн түрлөрун,

Мен жыттайм жыпар гүлдөрүн.

Санаадан такыр чыкпайсың.

Сагындым келчи сүйгөнүм.

Автордун бул обону ошол кездеги жакшы ырдан чаңкап турган угуучулардын, аткаруучулардын арасына “чү” деген жерден эле калың калктын, боордош казак туугандардын арасына ооздон-оозго көчө ырдалат. 1957-жылы Москвада өткөн Бүткүл Дүйнөлүк жаштар менен студенттердин VII фестивалында таанымал ырчы Жапар Чабалдаев Ашыкенин “Жылкычынын ырын” аткарып лауреат болот. Ошентип, Айтвалиевдин “Жылкычынын ыры” 53 жылдан бери ар кандай муундагы, курактагы ырчылардын арасында ар түрдүү музыкалык аспаптардын коштоосунда ырдалып келүүдө.

Айталиевдин бозойдун калаада калган айдай жаркырап, күндөй күлүңдөгөн ак жаркын жарын алыста жүрүп сагынганын, көздөн учкан караанын көрсөм деп көксөгөнү, кара жанын садага чапканга дайым даяр экенин сыпаттаган “Нарындан жазган салам кат” атуу ыры “Жылкычынын ырынан” кийинки экинчи обону. Бул дагы алгачкы ырдалышынан азыркы күнгө чейин калк арасында “Нарындан жазган салам кат”, “Сагынганда” деген аттарда ырдалып келүүдө.

“Нарындан жазган салам кат”

Ыры, обону А.Айталиевдики

Жаш элек шайыр шаттанган,

Алыска сапар аттанган,

Кыймылдап поезд баратса,

Кылгырып көздөн жаш тамган.

Бир букет гүлдү сунарда,

Күйүттүү күнгө капталган,

Саламат баргын агай деп,

Узатып калдың вокзалдан.

Толкунун жиреп абанын,

Учуна жетпей санаанын,

Убара болуп кылчактап ,

Артымды улам карадым.

Мен Ашыкемдин жогоруда сиздер үзундүлөрун уккан “Жыкычынын ыры”, “Нарындан жазган салам кат”, “Оюнда кимдин гүлүсүң” атту ырларын өткөн кылымдын 1960-жылында Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында редактор болуп тштеп турганда радионун алтын казынасына тасмага жаздырган элем. Ошондо Ашыке сиздин обончулук чыгармачылыгыңыздын баш аты Нарын областтык музыкалуу драма театырында иштеп жүргөндө башталыптыр деген собол узатканымда ал мындайча жооп узаткан эле:

- Болуп, толуп турган курагыңда ар бир кыймылыңдын баардыгы өзүңө да, элге да жагып, жарашып турган кезде Нарында менин үч жылдык жакшынакай жакшы күндөрүм өттү. Областтык музыкалык драма театырында артист болуп иштеп калдым. Ошондо жаштыктын жалындаган күчүбү, же жердин, элдин касиетиби обон чыгара баштадым. Дагы бир өзгөчөлүк, ырдасаң ар бир куплети кыргыздын кереметтүү тоолору менен үн алыша жаңырып туруучу. Дагы бир баса айта турганым, жаштык кезде кимге да болсо да обон чыгарат экенсиң. “Оюнда кимдин гүлүсүң” атту ырымды Нарында жүргөндө чыгаргам. Ал радиого капкачан эле жазылган болчу. Бирок, кийинчерээк жоголуп кеткендиктен кайрадан ырдоого туура келип турат. Эми жаш кезимдегидей бир кыйкырып ырдап койойун”-деп, Ашыкем “Оюнда кимдин гүлусүң” аттуу ырын ырдап берген эле.

“Оюнда кимдин гүлүсүң”

Ыры, обону А.Айталиевдики

Шаарында кенен Нарындын,

Келбедиң деп мага таарындың,

Кара көз жалжал карындаш.

Ээ-эй кандай бир кылам сагындым.

Жүзүңө күлкүң жарашып,

Жүрсөң дейм дайым жанашып.

Жалгызсырап кетемин,

Ээ-эй жарым саат калсаң адашып.

Сары оору кылдың саматып,

Сансыз ой менен таң атып.

Элесиң жатсам кучактап.

Ой, ой уйкуга кетип баратып

Белгилүү ырчы, дастанчы, республиканын эмгек сиңирген артисти, искусство илимдеринин кандидаты, музыка изилдөөчү, Улуттук консерваториянын доценти Роза Аманова Ашыраалы Айталиевдин обончулук өзгөчөлүгү жөнүндө буларды айтат:

- Ашыраалы атабыздын о, дүйнөгө кетиши элдик музыка эле эмес, кыргыз эли үчүн да өтө оор жоготуу болду. Кырк күн өтсө да биз үчүн кайгыбыз басыла элек. Обончулук жагын алып караганда элдик салттык аваздык музыкада Ашыраалы атабыздын ээлеген орду өтө чоң. Атабыздын чыгарган обондорунун өзгөчөлүгү элибиздин тарыхы, элибиздин баскан изи менен байланышкан. Алардын ар бир кайрыгынан угасың, сезесиң. Дагы бир өзгөчөлүгү сөздүн (ырдын) обону менен камыр-жумур айкалышы. Мына ошол айкашуу аткаруучулукта бирден-бир орун тапканында. Себеби ыры менен сөзү бап келип, анан комуздун коштоосу, аткаруучулук чеберчилиги да айкашып, тигил же бул ырдын ажарын ачып турат. Мына 50 жылдан бери ар бир кыргыздын жүрөгүндө жашап келе жаткан “Жылкычынын ыры”, “Нарындан жазган салам кат”, “Ак шоокум”, “Ырыскан”, “Оюңда кимдин гүлүсүң” деген жана башка ырларынын баардыгы ар бир кыргыздын канында жашап келүүдө. Ашыраалы атабыздын ырларын казак калкы да өздөрүнүн ырларындай сүйүп ырдашат. Ашыкемди казак туугандар көргөндө берерге ашын таппай, чапанын жаап кастарлап тосуп алышчу. Казак эли демекчи алардын кайсы гана тоюна барбагың Ашыраалы атабыздын “Нарындан жазган салам кат” аттуу ырын ар бир казак өздөрүнүн ырларындай ырдайт. Ал эми биз менен замандаш, Казак Республикасынын эмгек синирген артисти, белгилүү ырчы Багдат Самүдүнова “Наындан жазган салам катты” эң бир жогорку чеберчиликте аваздык көркөм боюкторду кошуп ырдап журөт. Ошондуктан, Ашыраалы атабыздын ысымы кыргыз, казак элдик музыкасынын тарыхында алтын тамга менен жазылып калды.

XS
SM
MD
LG